Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы: «Кыргызстан "Соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө» "1983 –жылдагы Европа конвенциясына тезирээк кошулушу керек

09/10/2021 - 16:04

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына Европа өлкөлөрүнүн жабык мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгон мигранттардын жакындары кайрылып турушат. Арыз берүүчүлөр туугандарын Кыргызстанга өткөрүп берүүгө жардам сурашат. Бирок, тиешелүү ченемдик укуктук актылардын жоктугунан, көпчүлүк учурда мындай маселелерде жардам көрсөтүү азырынча мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) басма сөз кызматы буга чейин маалымдагандай, Акыйкатчы Кыргыз Республикасынын 1983-жылдагы "Соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө" Европа конвенциясына кошулуу процессин тездетүү өтүнүчү менен КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытовго, ошондой эле КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы У.Мариповго кайрылууларды жөнөткөн.   

Ал катты жазууга атасы У.И.дин кызыкчылыгы үчүн баласы М.И.,нин жазган арызы себеп болгон.  М.И. атасы У.И.ни  Литва Республикасынын түрмөсүнөн экстрадициялоого көмөктөшүү өтүнүчү менен атасы үчүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына кайрылган.  Арызда 2011 -жылдын 18 -ноябрында Литва Республикасынын Каунас шаарындагы биринчи инстанциядагы соттун чечими менен Кыргызстандын жараны, 1980 -жылы 23 -июнда туулган У.И. 13 жыл 9 айга эркинен ажыратылганы айтылат.

Бул маселени Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте иштеп чыккан, андан кийин Литва Республикасынын Юстиция министрлигине тиешелүү кайрылуу жөнөтүлгөн.  Литванын Юстиция министрлигинен жаран У.И. жазаны андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына жөнөтүү мүмкүн эмес, анткени биздин мамлекеттердин ортосунда соттолгондорду жазасын андан ары өтөө үчүн жарандыгы бар өлкөгө которуу тартибин жөнгө салуучу укуктук база жок деп жооп келген.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы У.Мариповго кайрылып, Кыргызстандын "Соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө" 1983 -жылдын 21 -мартында Страсбург шаарында кол коюлган Европа конвенциясына кошулуу процессин тездетүү өтүнүчү камтылган  өтүнүчүнө КР Министрлер кабинетинен жооп алынган. Анда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын Бельгия Королдугундагы Элчилиги Европа Кеңешинин Башкы катчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган Конвенцияга кошулуу ниетин билдирген расмий кайрылуусун жөнөткөнү, учурда ал кайрылуу каралуу алдында турганы айтылган.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов эгерде жогоруда аталган Конвенция ратификацияланса, Кыргызстан Европа өлкөлөрүнүн жабык мекемелеринде жаза өтөп жаткан мекендештерибизди өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот деп эсептейт.