Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Индиядан мекенине кайтып келүүсү боюнча Өкмөткө кайрылды
09/07/2021 - 14:03
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылып, Дели–Ташкент каттамынын токтотулушунан Дели шаарынан үйүнө учуп кете албай калган 50-гө жакын мекендештерибизди кайтарып алуу боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы жөнүндө маалыматты берүү өтүнүчү менен кайрылды. Ошондой эле Индиядан мекендештерибиз кайтып келгенден кийин ал адамдардын жана учуп келген бардык жарандардын коопсуздугун жана ден-соолугун камсыз кылууну да суранды.