Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин Кыргыз Республикасындагы адамдын жана жарандардын укуктары жана эркиндигинин абалы боюнча 2016-жылдагы баяндамасы

26/06/2018 - 11:46

Саламатсыздарбы!

Урматтуу депутаттар,

Урматтуу өкмөт мүчөлөрү!

Сиздердин назарыңыздарга Кыргыз Республикасындагы адамдын жана жарандардын укуктары жана эркиндигинин абалы боюнча 2016-жылдагы баяндаманы сунуштоого уруксат этиңиздер.

  1. Статистика

Жалпысынан 2016-жылы 15 238 адам Акыйкатчы Институтуна кайрылды. Анын ичинен 3800 жарандан кат жүзүндөгү арыз, кайрылууларды алдык. Келген кайрылуулардын 190у жамааттык, аларга 2988 адам кол койгон. Оозеки юридикалык кеп-кеңештер 8640 адамга берилди. Акыйкатчыга кайрылган жарандардын саны 2015-жылга салыштырмалуу 3504кө көбөйгөн.

Негизинен калктын социалдык жактан эң начар корголгон катмарынын өкүлдөрү: жумушсуздар, пенсионерлер, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, балдар, жана ошондой эле, абакта кармалып жаткандар арызданышат. Кайрылуу, арыз, даттануулар төмөндөгү бийлик органдарынын ишине байланыштуу:

  • 69,7% – бул сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу, анын ичинде сотко мониторинг жасоого Акыйкатчынын өкүлдөрүнүн катышып берүүсүн сурап кайрылуулар.
  • 2.1% – жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ишине байланыштуу.
  • 1,3% – социалдык камсыздоо органдарынын иши боюнча.
  • 1,1% – саламаттык сактоо мекемелерине.
  • 0,7% – илим жана билим берүү мекемелеринин ишине байланыштуу арыз, дат, кайрылуулар.

Ар бир каттын артында адам тагдыры турат. Арыз, кайрылуулардын себеби эмнеде? Мамлекеттик органдардын өз милдетин так, майнаптуу аткарбаганынан, күч органдарынан зордук-зомбулук көргөнүнөн, сотто адилеттик таппаганынан, мыйзамдуулук сакталбаганынан адамдар арыз, даттануу жазышат. Мына ушундай укук бузууларды жоюп, жарандарга жардам берүү максатында 2016-жылы мамлекеттик ар түрдүү мекеме-уюмдарга 8000ден ашуун кат жолдодук. Арыз менен кайрылгандардын өздөрүнө – 3289 кат жазылды. Ар бир түшкөн арызга байланыштуу бизде дело ачылып, анын таржымалы тиркелип турат, аяктаган иш Омбудсмендин же анын орун басарынын макулдугу менен өндүрүштөн алынып, архивге тапшырылат.

Мындан тышкары Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери арыздарды, кайрылууларды кароо максатында окуя болгон жерге барышат. Арыздардын 30 пайызы жеринде каралды, же биздин кызматкерлер 865 ирет арыз, кайрылууну жеринде карашкан. Мындан тышкары, текшерүү, мониторингдерди жүргүзөт. Ошондой эле, сотко катышабыз. Мисалы, 2016-жылы Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери 1575 соттук жыйындарга мониторинг жүргүздүк.

Коомдук кабылдамабыз 2095 адамды кабыл алды. Мен өзүм ар апта сайын жарандарды кабыл алам, 2016-жылы 600дөн ашуун адамды кабыл алыпмын, ар биринин аты-жөнү, келген маселеси журналга жазылат.

Мындан тышкары 2016-жылы мен баардык облустарды кыдырып, эл менен жолугушуп, жабык мекемелерде, мектеп интернаттарда, табийгый кырсык болгон аймактарда болуп, арыз, каттарды алдым. Юридикалык кеп-кеңештерди жеринде бердик. Алар докладда тиркеме катары берилди.

Урматтуу депутаттар, урматтуу чакырылгандар,

Адам укугунун абал, деңгээли бул – мамлекеттик органдардын ишинин жыйынтыгы, мамлекеттик кызматкерлердин функционалдык милдетинин аткарылыш күзгүсү. Эл аралык конвенция, келишимдерди айтпаганда дагы Конституция баштаган бир катар мыйзамдарыбызда айтылгандай адам укугун сактап, алардын бакубат жашоосуна шарт түзүп, жыргалчылыгын арттыруу мамлекеттик органдардын жана анын кызмат адамдарынын ишмердигинин негизги маани-маңызын түзөт.

Эми ошол иштерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары кандай аткарып жатканына 2016-жылдагы баяндаманын негизинде токтолоюн.

  1. Балдардын укугу

Балдардын укугун коргоо Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институтунун ишмердигинин негизги бир багыты болуп эсептелет. Ал үчүн иштин бир катар форматтары практикада колдонулууда. Анын ичинде, (а) мыйзамдарды жакшыртууга көмөктөшүү; (б) арыздарды кароо; (в) балдардын билим алууга, медициналык тейлөөгө болгон укуктарын мониторинг, инспекция аркылуу коргоо; (г) балдардын укугун коргоо максатында уюштурулган күнү-түнү иштөөчү «115 шыр байланыш» («горячая линия») кызматы аркылуу арыз, кайрылууларды алып, балдарга, ата-энелерге жардам берип, юридикалык кеп-кеңештер айтылууда, (д) мониторинг, инспекциялоо жасалууда. Ошондой эле, өзгөчө көңүл (е) бойго жетелек кыздар менен никеге турууга, ала качууга каршы күрөшкө бурулууда.

Балдарга байланыштуу сөзүмдү бир нече бөлүк менен айтайын. Анын ичинде, (1) балдарга карата кылмыш, зомбулук; (2) ала качуу маселеси; (3) жатак мектептердеги абал, жетим балдардын укуктары; (4) суицид; (5) мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктары;

  • Статистика боюнча, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын калкынын саны 6 млн. 140 миң адамга жетти, алардын ичинен 37% балдар (же 2 млн. 263 миңи 17 жашка чейинкилер). Өлкө боюнча 2336 мектеп бар, алардагы окуучулардын саны 1 млн. 170 миң.

(1) балдарга карата жасалган кылмыш, зомбулук иштери; Ички иштер министрлигин маалыматы боюнча, 2016-жылы жашы жетелектерге карата жасалган кылмыштардын саны – 842 болду, анын ичинде 110 иш сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар, өмүргө жана ден соолукка каршы жасалган кылмыштардын саны 68:

  • КЖКнын 97-беренесине ылайык (киши өлтүрүү) – 9;
  • КЖКнын 100-беренеси (эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү) – 2;
  • 101-берене (байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу) – 1;
  • 102-берене (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) – 1;
  • 104-берене (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) – 7;
  • 105-берене (саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү) – 20;
  • 111-берене (кыйноо) – 2;
  • 112-беренесине (саламаттыкка атайылап жеңил залал келтирүү) – 25;
  • 120-берене (оорулууну дарылоону мыйзамсыз токтотуу) – 1;
  • 129-берене (зордуктоо) – 44;
  • 130-берене (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) – 17;
  • 131-берене (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) – 4;
  • 132-берене (он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) – 26;
  • 133-берене (ыплас аракеттер) – 19.

Белгилеп айтып коюу керек – Акыйкатчы Институту балдардын укуктары боюнча акыркы 2 жылда 3 атайын доклад даярдадык. Анын ичинде «Балдарга карата зомбулук менен күрөшүү» деген атайын баянда даярдалып, Жогорку Кеңешке сунуштар берилген. Акыйкатчы институту 2016-жылы балдарга байланыштуу 133 кат жүзүндөгү кайрылуу, арыздарды карады, анын ичинен 11 факты балдарга карата зомбулук фактылары боюнча. Кызматкерлер тарабынан 122 ирет иликтөө, мониторинг, инспекциялоо иштери жүргүзүлдү. Бузулган укуктарды калыбына келтирүү максатында 10 көңүл буруу актысы ар кандай мекеме, органдарга жиберилди.

2016-жылы жасалган орчундуу иштердин бири бул балдарга карата жасалган кылмыш иштеринин жабылып же кыскарып калыш себептерин иликтөөбүз болду. Бул ишке ЮНИСЕФ колдоо көргөздү. Жалпысынан 2011-2016-жылдар аралыгында балдары зомбулуктун жана катаал мамиленин курмандыгы болгон 104 үй-бүлө, кыскартылган 96 кылмыш иши изилдөөгө алынды. Анын жыйынтыгы эмнени көргөздү? Кылмыш иштеринин 46ы тергөө маалында, 50 иш сотто кыскартылган. Балдар көп учурда жакын адамдары, туугандары, өгөй аталары тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылат. Балдар тергөө маалында, сотто өз укуктарын коргой алышпайт, ошол себептен кылмышкерлер менен балдардын ата-энеси, жакындары келишип алып, тосмо арыз жазуу менен кылмыш иштери жабылаары аныкталды. Көптөгөн ата-энелер жумуш издеп, ички-тышкы миграцияда, балдарын туугандарына же интернатка калтырышат. Зордук-зомбулук, ошондой эле, суицид ошондой үй-бүлөлөрдө катталууда.

Соттук практика көргөзгөндөй айрым судьялар кылмыш болгон учурда Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесин колдонбой, 132-беренени жетекчиликке алаары белгилүү болду. Ошол себептен Кылмыш-жаза кодексинин 132-, 133-беренелерине сексуалдык мүнөздөгү кылмыш жасаган адамдарга эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүн көбөйтүү, башкача айтканда, жазасын катулатуу демилгеси менен чыкканбыз. Мисалы, Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренесинде «Он алты жашка толо элек адам менен он сегиз жашка толгон адам жыныстык катнашта болгондо, бачабаздык же лесбиянчылык кылганда, 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат», айтылган. Бул демилгебиз парламент тарабынан колдоо тапкан, бирок, былтыр экс-президент тарабынан вето коюлуп, артка кайтарылган эле.

2016-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну Рахима Айкынбаева жашы толо элек жакын сиңдисинин кызыкчылыгын коргоп Акыйкатчы институтуна кайрылды. Себеби Э.Д. аттуу 1985-жылы туулган жаран анын бойго жетелек сиңдисин 2 жыл бою зордуктап келген. Окуя билинип, иш тергелип сотко өткөн. Бирок, Бакай-Ата районунун судьясы А.Ташкараева 132-берене менен соттолуучуну 3 жылга эркинен ажыратып, бирок, 63-беренени колдонуп, 2 жылга шарттуу кескен. Талас облустук соту (судьялар Молдозак Ибраимов, Замира Абдиева жана Калыбек Токтосун уулу) бул өкүмдү күчүндө калтырган. Биз бул ишке киришип, Жогорку сот ишти кайра артка жиберип, аягында Э.Д. күчөтүлгөн тартипте жазасын алды.

Экинчи бир мисал, 2016-жылдын 6-декабрында Акыйткатчыга Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитетинен Чүй облусунун Кемин районунда жашы жете элек эки кыз атасы тараптан сексуалдык зордук-зомбулукка кабылганы тууралуу маалымат түшкөн. Эртеси күнү биз Кеминге барып, текшерүү иштерин жүргүздүк. Бир катар кызматкерлер административдик жазага тартылышты. Атап айтканда, Кемин райондун билим берүү бөлүмүнун 2017-жылдын 7-февралындагы буйругу менен Кароол-Дөбө айылдык орто мектебинин директору А.Иманалиевге “сөгүш” жарыяланды, Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн буйругу менен 2017-жылдын 20-январында Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Р.Кожомбердиевага “катуу сөгүш” берилген. Ошондой эле, Кемин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы А.Данакеевага “эскертүү” берилген. Жыйынтыгында сот болуп, балдардын атасы кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Балдарга карата зордук-зомбулукту азайтуу боюнча мындай сунушубуз бар. Статистика боюнча жашы жетелектерге карата жасалган сексуалдык кылмыштардын саны жыл сайын өсүүдө. 2016-жылы 110 факты катталса, 2017-жылы 151 факт катталды, же 37%га өскөн.

Ошол себептен жашы жетелектерге карата жасалган кылмыш үчүн жазанын шексиздигин (неотвратимость наказания) камсыздоо зарыл. Ал үчүн азыркы кодекстер, 2019-жылдын 1-январынан колдонууга кире турган кодекстер анализденди. Жыйынтыгы сиздерге таратылды. Эртеби-кечпи Кылмыш-жаза кодексинин 66-беренеси (тараптардын макулдашып, элдешип алуусу), жаңы колдонууга кирип жаткан Кылмыш-жаза кодексинин 23-беренесине, 61-беренесине, Кылмыш-процессуалдык кодекстин 28-беренесене (иштин жабылып, токтотулушу), жаңы колдонууга кирип жаткан Кылмыш-процессуалдык кодекстин 26-беренесине (иштин жабылып, токтотулушу), жана жаңы колдонууга кире турган Жоруктар жөнүндө кодекстин 39-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

 

Ошондой эле, өкмөт, ички иштер, социалдык өнүктүрүү, билим берүү жана илим министрлиги бул маселеге өзгөчө көңүл бурушу керек. Атап айтканда, өкмөттүк деңгээлде балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү учурларын алдын алуу боюнча Программа иштеп чыгуу зарыл. Министрликтер жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен биргеликте турмуштук оор кырдаалда жашаган балдарды табуу, маалыматты тез арада берүү, алар менен иштөөнү системалуу жолго коюушу зарыл. Мектептерди психологдор менен камсыздоо дале чечилбей келатат. Ошол эле убакта балдарды коргоо жаатында аларга кичине чагынан зордуктоо деген эмне, зомбулук деген эмне, өзүн кантип коргошу зарыл деген тарбиялык, таанып– билүү иштерин тынымсыз жүргүзүү зарыл. Башкы прокуратура оор турмуштук кырдаалдагы балдарга жооптуу мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүшү абзел.

(2)Ала качуу маселеси; Акыркы 2 жылда Омбудсмен институту Парламенттин тийиштүү комитеттери менен бирге балакатка толо элек кыздар менен никеге турууга каршы нормаларды мыйзамдарга киргизүүнүн үстүндө иштеп келатабыз. Биздин көз карашта жашы жетелектерди мажбурлап ЗАГСка сүйрөө же анын макулдугусуз дин өкүлүнүн катышуусунда «нике суусун» ичирүү – бул кыргыз элинин салты эмес. Бул азыркы заманда уят, бетке чиркөө боло турган жапайычылык, артта калуучулук.

Ошого карабай мындай көрүнүштөр дале болсо бар. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары боюнча, жыл сайын өлкөдө 45 миңден 50 миңге чейин жаңы үй-бүлөлөр курулуп, түтүн булайт. Ошол эле статистика комитетинин эл аралык уюмдар менен бирге 2016-жылы жүргүзгөн «Гендер – коомчулуктун кабыл алуусунда» деп аталган иликтөөсүнүн жыйынтыктары көргөзгөндөй ошол куралган үй-бүлөлөрдүн 20 пайызында кыз ала качуу орун алган. Сурамжылоо жигиттер калың төлөөгө мүмкүнчүлүгү болбогондон, кыз менен таанышуудан тартынгандыктан, айрым учурларда кыздын ата-энеси ал балага турмушка чыгуусуна каршы болгондон жана башка себептерден улам ала качаары белгилүү болгон. Ал эми кыздар «эл эмне дейт, кыз башка түшкөнүнө баш ийиш керек, кийин эч ким күйөөгө албай коёт, ата-энем кайра кабыл албай коёт, башка барар жерим жок», деген сыяктуу себептер менен элде айтыла жүргөндөй «таш түшкөн жеринде оор» деп ала качууга аргасыз макул болушаарын иликтөө көргөзгөн.

Бирок, ошол эле маалда ошол 20 пайыз ала качуулардын 6 пайызы зордуктоо менен коштолгон. Демек, бул жерде сөз кызды зордуктоо тууралу болуп жатат.

Ошол эле маалда кызды никеге туруу үчүн ала качуу шаарларга караганда айыл жерлеринде 2 эсеге көбүрөөк катталат, ал эми региондор арасында «кызды ала качса болот, ага кыз баш ийиши керек», деген түшүнүк Ысык-Көл облусунда кеңири тараган.

Мындай саркынды түшүнүктөрдүн дале болсо сакталып калганына бир катар себептер бар, биринчиден, билимдин төмөндүгү, экинчиден, мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү иштердин жасалбай жаткандыгы, үчүнчүдөн, социалдык-экономикалык абал, жакырчылык, төртүнчүдөн, мыйзамдардагы кемчиликтер, бешинчиден, кыргызчылык же болбосо ала качуу орун алган күндө да кыздын тагдырын келишип алган ата-энелердин чечип койгондугу.

Мажбурлап үйлөнүү үчүн кызды ала качуу дүйнөлүк укук коргоо уюмдары тарабынан адам укугун бузуу катары сындалып келатат. Бурулай Турдалиеванын өлүмүнөн кийин БУУ дагы бул тууралу билдирүү жасады.

Ала качуу антип миңдеп катталып жатканына карабай козголгон кылмыш иштеринин саны, сотко жеткен адамдардын катары өтө аз. Ички иштер органдары берген маалыматка ылайык акыркы 3 жылдын ичинде 80ден ашык кыз уурдоо жана мажбурлоо фактылары боюнча укук коргоо органдарына кайрылышкан. 2014-2015-жылдары кыз ала качуу боюнча 72 кылмыш иши козголгон, алардын бештен бир бөлүгү (21-23%) алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө токтотулган. КР КЖКнын 154-беренеси боюнча 2016-17-жылдарда баш-аягы 15 гана (2016-жылы 8, 2017-жылы 7) кылмыш иши иликтенип, соттун кароосуна 13 (2016-6, 2017-7) кылмыш иши өткөн. Ал эми 155-берене боюнча 67 (2016-32,2017-35) кылмыш иши козголуп, соттун кароосуна 43 (2016-23, 2017-20) иш өткөн.

Аялдарга жана кыздарга карата кылмыштар боюнча сот тажрыйбаларынын изилдөөсү көргөзгөндөй – кайрылуулардын маанилүү бөлүгү алдын ала тергөө учурунда кыскартылат, буга болсо жогоруда айтылгандай кыз менен баланын ата-энелеринин келишип алгандыгы себеп болот. Ошондон улам милиция кызматкерлери да мындай иштерге көп учурда кайдыгер карашат, анын үстүнө, иштин үчтөн бир бөлүгү болсо соттор тарабынан кыскартылып келе жатат.

Бул көрүнүш менен күрөшүү максатында парламент менен бойго жетелектер менен никеге турууга каршы нормаларды киргизгенбиз. Практика көргөзгөндөй, ал жетишсиз болууда. Ошондуктан Кылмыш-кодексиндеги 155-берененин нормаларын Үй-бүлөгө каршы кылмыш главасынан Жеке инсандын эркиндигине каршы кылмыштар главасына которуу зарыл деген жыйынтыкка келдим. Себеби, ал качуу адам уурдоо, зордуктоо, кыйноо, ырайымсыз мамиле менен коштолууда.

Өкмөт, анын ичинде Билим берүү жана илим министрлиги жогорку класстын окуучулары арасында үй-бүлөгө байланыштуу мыйзамдарга түшүнүк берип, эрте никеге туруу, ала качууунун кесепеттери тууралу кенен түшүнүк, маалымат таратышы зарыл. Ал эми Ички иштер министрлиги бул кылмыш боюнча тергөө иштерин жакшыртып, кыскарган, жабылган иштерди анализдеп чыгуу зарыл. Ала качуу кылмыш экендигин кызматкерлери арасында кенен түшүндүрүүсү керек.

(3)Жетим балдардын укуктары жана жатак мектептердеги абал; Кыргыз Республикасы Конституциянын 36-беренесине ылайык жетим балдардын жана ата-эненин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону жана окутууну кепилдейт[1]. Балалык – жалпы коомдун камкордугунун предмети катары мыйзамдардын артыкчылыктуу коргоосуна алынган[2].

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) баланын укуктары жөнүндө Конвенциясына ылайык ар бир бала үй-бүлөдө жашап, тарбияланышы керек. Үй-бүлө камкордугунан убактылуу же биротоло ажыраган, же болбосо өзүнүн жогорку кызыкчылыктарынан улам мындай курчоодо калгысы келбеген балдар мамлекет тарабынан өзгөчө коргоону жана колдоону алууга укуктуу. Мамлекет баланы камкордукка алууну өз мойнуна алат[3].

Бүгүнкү күндө республика боюнча интернат тибиндеги 127 балдар мекемеси бар, анын 63ү мамлекеттик. Анын ичинен:

– ата-эненин камкордугунан ажыраган балдар жана томолок жетим балдардыкы – 9;

– адистештирилген жатак-мектеп – 14;

– интернаты лицейлер, гимназиялар – 33.

2017-жылга карата бул балдар мекемелеринде 11422 балдар тарбияланууда, алардын 5% жетимдер, калгандарынын же ата-энесинин экөөсү тең бар, же болбосо же атасы, же энеси бар. Мындай балдар мекемелерине балдар ата-энелердин арызынын негизинде кабыл алынышат[4]. .

Ошол эле учурда белгилеп коюу керек – Кыргыз Республикасынын Бала жөнүндө кодексинин 37-беренесине ылайык баланы менчигинин түрүнө карабастан жатак мекемелерге жаткыруунун өз жол-жобосу бар. Ага жараша жетим балдар, ошондой эле, ата-энелик укугунан ажыратылгандардын балдары, же ата-энелик укугу чектелген, ата-энеси дайынсыз же болбосо жөндөмсүз (жарым-жартылай жөндөмсүз) болуп калгандардын балдары, ошондой эле, кылмыш жасап, эркинен ажыратылгандардын балдары (баласы) мамлекеттик баланы коргоочу органдардын бүтүмүнүн негизинде баланы башка үй-бүлөгө койгонго болбой калды делип чечилгенде гана, акыркы чара катары соттун чечими менен жатак мектепке жаткырылат.

Кыргыз Республикасында ата-эненин мээримисиз калган балдарды камкордукка алуунун төмөнкүдөй формалары бар: камкорчулук (көзөмөлчүлүк), анын ичинде 6 айга камкордукка алуу[5], асырап алуу[6].

2013-2016-жылдары сот чечими аркылуу 3072 бала асырап алынган (усыновление). 2014-жылы 1033 бала, 2015-жылы 1039 бала, 2016-жылы 1 миң бала.

Дүйнөлүк практикада жетимди жатак мектепке жаткыргандан көрө үй-бүлө чөйрөсүнө кайтарып, тарбиялоо оң делип жатат. Баланы анын өз ата-энесине (же анын бирөөнө) кайтарууга мүмкүн болбогон шартта аны туугандарына же фостердик үй-бүлөгө берүү жагы каралышы шарт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин (мындан ары – ЭСӨМ) бюджетинде бул максатта фостердик үй-бүлөлөрдү өнүктүрүү максатында жыл сайын акча каралат, атап айтканда, 2017-жылга 2,439,6 млн. сом каралган, өткөн жылы анын 1 419 600 сому өздөштөрүлгөн[7]..

Баланы багып ала турган үй-бүлө – оор турмуштук жагдайга кабылган баланы багып алууга тиешелүү сертификаты бар, окуудан өткөн, кесипкөй үй-бүлө.

2014-жылдан тартып ЭСӨМ жарандык коом менен бирге эл аралык уюмдардын колдоосу аркасында оор жагдайга кабылган балдарды багып ала турган 47 үй-бүлө даярдалган, алардын жыйырма төртү 58 балага кызмат көргөзгөн. Азыркы тапта фостердик үй-бүлөлөрдүн карамагында 10 бала тарбияланууда.

Фостердик үй-бүлөдө 1 баланы багууга эмгек акы төлөнөт, ошондой эле, балага деп акча бөлүнөт.

Ошол эле маалда фостердик үй-бүлөлөрдү окутууну институционалдаштыруу маселеси турат.

Жатак мектептердин тарбиялануучулардын көбүнүн (40,1%) ата-энесинин экөө тең, же болбосо энеси бар (39,2%). Ата-энесинин экөөсү тең бар балдар тарбияланып жаткан мекемелерде алардын саны 58%дан жогору. Мындай мекемелерде тарбияланып жаткандардын көбүнүн апасы бар (58,6 %)[8].

Мээримсиз калган баланы жана жетимди соттун чечими менен гана жатак мектепке жиберүү каралган[9]. Ага карабай соттун чечими жок эле мамлекеттик мекемеге жаткызып койгон учурлар кездешет[10]. Ал эми ал мекемелерде физикалык жана психологиялык кодулоо колдонулууда, адатта, балдарга интернаттын кызматкерлери дагы, балдардын өздөрү дагы кол көтөргөн учурлар бар.

Акыйкатчы (Омбудсмен) Кубат Оторбаевге Талас облусунун Бакай-Ата районунун Чалдовар мектеп-интернатындагы окуучулардын ата-энелеринен кат түштү. Анда айтылгандарга караганда балдарды тарбиячылар сабаган учурлар бар. Акыйкатчынын ишинин натыйжасында башталгыч класстын мугалими М.Керимбекова «сөгүш» алды, ал эми Ч.Осмонкулова кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги: 1. Жатак мектепти аяктаган томолой жетим балдарды турак-жай менен камсыздоону чечсин. Же болбосо жок дегенде кезексиз үй (жер) алууга кезекке тургузсун. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул багытта системалуу иштерди жүргүзсүн. 2. Үй-бүлө институту бекемделиши шарт. 3. Фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматтарын өнүктүрүүнү күчөтүү;

(4) Суицид; Кыргыз Республикасында 2016-жылдын 12 айында жашы жете электердин өз жанын өзү кыюусунун 95 фактысы катталган (2015-жылдын 12 айынын ичинде – 96), бул өткөн жылга салыштырганда 1,0%га аз.

Анын ичинде: жашы жете электердин – 56сы эркек балдар, 39 – кыздар. Алардын ичинен жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучулары – 92, бул 96,8%ды түзөт, колледждердин студенттери – 3, бул 3,1%ды түзөт. Асылып калуу аркылуу жасалган өз жанын өзү кыюу – 75 факт жана бир учур башкача түрдө. Балдар төмөнкүдөй себептер боюнча өз жанын өзү кыйган: ата-энеси менен чыр-чатак – 40, ата-энеси менен бирге жашабагандыгы үчүн – 7, оорусуна байланыштуу – 4, материалдык себептер – 2, аныкталбаган себептерден улам – 23.

Эң өкүнүчтүүсү, мектеп окуучуларынын арасында өзүн өзү өлтүрүүнүн саны жыл өткөн сайын өсүп жатат, кайгынын башкы себептеринин бири кедейлик, миграция, мектеп рэкети болуп саналат.

Балдар жана жаштар арасында өз жанын өзү кыюуну, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында Өкмөт 2016-жылдын 22-мартындагы № 120-б буйрук чыгарган, бирок, турмуш практикасы дилилдегендей ал иш-чаралар жетишсиз болууда.

Өкмөт суицидди токтотуу боюнча улуттук программа иштеп чыгып, ал жергиликтүү деңгээлде, ар бир конкреттүү региондо алдын алуу максатында ишке ашууга тийиш.

Билим берүү жана илим министрлиги тарбия иштерин күчөтүп, баардык мектептерди, билим берүү мекемелерин квалификациялуу психологдор менен камсыздашы зарыл. Жергиликтүү бийлик мигранттардын балдарына өзгөчө көңүл бурганы талапка ылайык.

(5) мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктары; Кыргыз Республикасында, ырасмий маалымат боюнча, 18 жашка чейинки ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 29 899 бала бар[11]. Алардын ичинен 15 атайын интернаттарда 2 490 жана 4 атайын жалпы билим берүүчү мектептерде 520 бала билим алат, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 15 атайын балдар бакчасында – 1 596 бала[12] багылууда.

КР Конституциясына ылайык балдардын жогорку кызыкчылыктарын камсыздоо принциби иштеши керек, майыптыгына карата басмырлоого Конституция тарабынан тыюу салынган.

Эл аралык тажрыйбалар көрсөткөндөй, билим алуу өзгөчө муктаждыктагы адамдарга толук кандуу күнүмдүк жашоону камсыз кылуу менен кичинекей кезинен тартып коомго аралашууга жардам берет. Тилекке каршы, Кыргызстанда ата-энелер жана балдар билим чөйрөсүнө кирүүдө чоң тоскоолдуктарга туш болушат (пандустар, лифттер, класстардагы атайын орундар, коомдук дааратканалардагы атайын бөлмөлөр ыңгайсыз).

Ошондон улам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көпчүлүгү үйүндө отурууга аргасыз. Бул балдардын муктаждыктарын эрте аныктоого, өз маалында калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнө, колдоого жана жардам берүүгө тоскоол болот. Дени сак курдаштары менен бирдей башталгыч билим алуу мүмкүнчүлүгү жок.

 Ошондон улам Жогорку Кеңеш майып адамдардын укуктары жөнүндөгү Конвенцияны ратификациялоосу керек, Өкмөт ал Конвенциянын талаптарын бөлүп-бөлүп аткарууну пландап, ага каражат табуусу зарыл. Эң негизгиси – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды багып жаткан ата-энелердин эмгегин төлөөгө каражат тапканы бул балдардын сообуна кала турган иш.

 

Урматтуу депутаттар!

Урматтуу өкмөт мүчөлөрү!

 

(3) Адилеттүү соттук териштирүүгө болгон укук

Пайыздык көрсөткүч менен алганда сот системасынын ишине байланыштуу арыздар, соттук процесске Омбудсмендин өкүлдөрүнүн катышып берүүсүн өтүнгөн кайрылуулар жалпы арыз, даттануулардын 50%ын түзөт.

2016-жылы Кыргызстандын сот тутумунун ишине карата КР Акыйкатчы Институтуна 1949 арыз, кайрылуу, өтүнүчтөр келип түшкөн. Бул жалпы кайрылуулардын (3800) 50,7% түзөт, ал эми 2014-жылга салыштырганда 2 эсеге көп.

Алардын ичинен 1658 арыз – КР Акыйкатчысын соттук процесске катышуусун сураган өтүнүчтөр, 133 арыз соттордун аракеттерине же аракетсиздигине карата арыздар, 99 арыз соттордун өкүмүнө, чечимдерине макул эместик тууралуу даттануулар, 35 кайрылуу сот чечимдеринин аткарылбай жатканы тууралу.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Омбудсмен институтунун кызматкерлери ар түрдүү 1 575 соттук отурумдарга мониторинг жүргүзүштү.

Анын ичинде 544-жарандык иштер, 994 кылмыш иштери жана 37 отурумда экономикалык администрациялык иштер каралган. Алардын чоң бөлүгү, тактап айтканда, 962 соттук отурумдар биринчи соттук инстацияда, 484 иш экинчи жана 129 иш үчүнчү инстанцияда өттү. Мониторинг маалында көптөгөн процессуалдык ченемдерди бузуу фактылары аныкталды, анын жыйынтыгында 2016-жылы ар кандай органдарга 30 көңүл буруу актылары жөнөтүлгөн, анын ичинде Башкы прокурага – 15 акт, Соттор кеңешине – 10 акт, Жогорку сотко – 1 акт, Бишкек мэриясы менен Бишкек шаардык прокуратурасына, КР Өкмөтүнө, Жазаларды аткаруу кызматына бирден көңүл буруу актысы жиберилген.

Соттогу укук бузуулар, адилетсиздик, мыйзамсыздык мындай мүнөздө:

  • Сот акыйкаттыгын жүзөгө ашырууда адилеттик, мыйзамдуулук, калыстык кепилдиктеринин бузулушу (тараптардын тең укуктуулук жана таймашуучулук принциптеринин бузулушу);
  • соттук териштирүүлөрдүн мөөнөттөрүнүн бузулуусу (же соттук процесстердин ыксыз созулушу);
  • сот чечимдеринин аткарылбай калышы;
  • соттук процесстердин ачык айкындуулуктун жоктугу (бөгөт коюу чарасын тандоону кошкондо)

Соттун көз карандысыздыгы жана адилеттүүлүгү – акыйкат соттун негизин түзөт. Бирок, Омбудсмен Институтунун кызматкерлеринин 2016-жылдагы мониторингинин жыйынтыгы көргөзгөндөй соттор Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 16-, 17-, 18-, 19-беренесинин талаптарын сактабай турганы аныкталды. 19-беренинин 2-бөлүгү боюнча сот калыстык жана адилеттик принциптерин кармануу менен, айыптоочу жана жактоочу тараптарга бирдей шарт түзүп, ишенимдүү, четке каккыс далилдердин негизинде гана чечим чыгара алат.

Бирок иш жүзүндө сот жактоочу тарапка айыптоочу тарап менен бирдей тең шартты камсыздабайт. Айыптоочу тараптын өтүнүчү айтылар замат толук канааттандырылат, бирок жактоочу тараптын келтирген өтүнүчтөрүнүн көбү сот тарабынан канааттандырылбайт. Ошондой эле, жактоочу тараптын каралып жаткан иштен жөнү жок, жараксыз далилдерди алып салуу өтүнүчү эске алынбай, соттор айыптоочу тарап тергөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө чогулткан жөнү жок, жарабаган, атургай мыйзамсыз далилдерди, фальсификацияланган маалыматтарды колдонуп, өкүм чыгаруу учурда аларга ишенимдүү, далиденген факт катары шилтеме келтиришет.

Мунун баары барып келип коомчулук, эл арасында нааразычылык жаратып, сотторго болгон ишенимдин төмөндөшүнө алып келүүдө. Мындай тенденция «соттор коррупциялашкан», «кимдин бийлиги күч болсо сот ошонун пайдасына маселе чечет», «соттор заказ менен иштейт», деген сыяктуу сын-пикирлерди жаратып келатат.

Өзгөчө көңүл тергөөнүн сапатына, анын сапатын жакшыртууга бурулушу зарыл. Негизсиз козголгон кылмыш иштери далай адамдардын тагдырына балта чабууда. Тергөө органдарындагы алешемдиктер жана коррупция, сот системасындагы адилетсиз жана мыйзамсыз чыгарылган чечимдер – жарандар дайыма эле өз укуктарын коргой албастыгын далилдеп жатат. Ак жеринен айыпка жыгылып, сапатсыз тергөөгө тушуккан же план толтурууну кубалаган күч органдарынын укуругуна илинген тагдырлар аз эмес. Статистиканы карасак – 2015– жылы негизсиз кылмыш иши козголгон 303 иштин ичинен 84у Жогорку сот тарабынан биротоло жабылып, 127 адам толук акталды. 2016-жылы жергиликтүү соттор же биринчи инстанция тарабынан акталгандардын саны – 241, ал эми 2017-жылы 291 адам. Бирок, адамдарды ак жеринен жазага тартууну көздөгөн бир дагы тергөөчүгө кылмыш иши козголуп, сотто кесилип, камакка алынганын уга да, көрө да элекпиз. Жакында гана – өткөн айда Башкы прокуратура тарабынан экономикалык кылмыш жаатында негизсиз кылмыш ишин козгогон тергөөчүлөргө карата кылмыш өндүрүшү ачылды. Анын жыйынтыгы кандай болоору белгисиз.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 2-бөлүмүндө «эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдетүү эмес. Күнөлүү экенине карата ар кандай шектенүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленет» деп айтылган. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, тергөөнүн жүрүшүндө орой жасалган, мыйзамсыз көрсөтмөлөр, далил зат деп айтууга мүмкүн эмес маалыматтар, кагаздар, ойдон чыгарылган билдирүүлөр анык далил катары, далил зат катары өкүм чыгарууда колдонулууда. Тергөөнүн мындай сапатына карабай адатта соттор актоочу тараптын келтирген жүйө-далилдерине, жаңы фактыларына көңүл бурбай, аны кылмыш ишине тиркебей, каралоочу тараптын позициясын алып, тергөөчү тарапка жан тартып турганы байкалат.

Ошого карабай мени Омбудсмен катары жакында Жогорку Кеңеште маалымат берүү маалында Жогорку соттун төрайымынын орун басарынын «судьялар актоочу өкүм чыгарбашы керек», деп айтканы таңгалдырды. Демек, судьялар тергөөчү кандай гана материал бербесин кулакты жабырып, көздү жуумп айыптоочу өкүмүн чыгара бериши керекпи, деген суроо туулат. Анда сот адилеттиги, мыйзам үстөмдүгү кантип орнойт? Анын үстүнө сот системасы бизде эркин, көз карандысыз делет. Дагы бир маселе – бул төмөнкү инстанциядагы судьялардын чыгарган чечимдеринин эч ким тарабынан, анын ичинен Жогорку сот тарабынан дагы анализденип, мыйзамсыз, адилетсиз өкүм, чечимдерин токтотуу механизминин таптакыр жоктугу сот системасындагы терс көрүнүштөрдү көбөйтүүдө.

Сотттук териштирүүлөрдөгү дагы бир терс көрүнүш – иштин акылга сыярлык мөөнөттө аякташы. Кылмыш-жазык кодекси боюнча кандай гана кылмыш иши болбосун 1 жыл аралыганда бүтүшү керек. Бирок, Жогорку соттун сот департаментинин маалыматы боюнча, 2016-жылы иши сотто бир жылдан ашуун убакыттан көп каралып жаткандардын саны 137 болгон. 2017-жылы болсо андайлардын саны 86. Айрым жарандар 3-4 жылдап ТИЗОдо жатышат. Процессуалдык мөөнөттөн көп убакыт каралган кылмыш иштеринин саны 2016-жылы 721, 2017-жылы 1077 болгон. Процессуалдык мөөнөт нормалары бузулган жарандык иштердин саны 2016-жылы 1564, өткөн жылы 1483.

Ошентип, убактылуу тергөө абагында айлап-жылдап жаткан киши моралдык-психологиялык басымды башынан өткөрөт, үй-бүлөсү жапа чегет, өзү болсо абдан катуу стресс алат, аны менен катар укуктары да бузулат. Ал гана эмес ага карата айыптоо өкүмү чыгарылган шартта дагы, ТИЗО ичинде бир жылдан ашык кармалган киши эл аралык стандарттар боюнча кыйноо колдонулган адам катары эсептелет. Эгерде шектүү сот тарабынан акталган учурда, мыйзамда компенсация механизми Кыргыз Республикасында каралган эмес. Кыргызстанда мыйзамсыз отурганы үчүн же болбосо укугу бузулуп, эл аралык уюмдардын чечими менен ишти уткан маалда келтирилген зыянды төлөтүп алуу өтө кыйын. Соттук практика көргөзгөндөй, адатта судьялар кенемтени (компенсация) саноо механизми, эсептөө методикасынын жоктугун айтып, ишти карабай койгон учурлар бар.

Соттук териштирүүлөрдүн акылга сыярлык мөөнөтү боюнча 2016-жылы Акыйкатчы институту Жогорку сотко кайрылдык, төраганын орун басары Качыке Эсенканов жазган катында бул маселеге анализ жасалганы, «иш боюнча тараптардын жабырлануучулар менен күбөлөрдүн катышуусун камсыз кылбашы кылмыш иштерин процессуалдык мөөнөттү бузуу менен кароонун негизги себептери болуп саналат, анын айынан соттолуучулар узак убакыт камакта жатып калууда», деп жооп берди. Мыйзам боюнча судья жабырлануучуну, күбөнү сот процессине катыштырууга милдеттүү эмес, ал милдет бизде прокуратура органдарына жүктөлгөн, прокуратура болсо ал ишти милиция кызматкерлерине тапшырат. Ошентип, тараптардын сотко келбегенинен, прокурордун, судьянын, адвокаттын ооруп калганынан, алмашуусунан, топурак салууга кеткенинен, конференция, семинарга кеткенинен, сотко катышуучулардын негизсиз өтүнүчтөрүнөн улам сот процесстери айлап-жылдап созула берет.

Башкы прокуратура адатта мыйзамдуулуктун күзөт башында туруш керек эле, тилекке каршы, чечкиндүү чаралар көрүлбөйт. Мисалы, азыр 1 жылдан ашык СИЗО системасында жаткан 137 жаранды дароо баш коргоо чарасын карап, чыгаруу керек.

Дагы бир маселе бул баш коргоо чарасын тандоо маалында судьялар 100 иштин 96ында камакка алууну тандашат. Бул дагы туура эмес, себеби абакка жатпай туруп соттук териштирүүгө укук эл аралык пактыларда каралган негизги укуктардын бири. Ошондон улам мисалы, Бишкектеги № 1 СИЗОдо 1300 адамдын ордуна 1700 адам кармалууда. Мамлекеттик бюджетке келтирилген чыгым жагын ойлогон киши жок.

Колдонууга жаңы киргизилип, иштеп жаткан Жарандык-процессулдык кодекстеги сотко кайрылуу үчүн талашта турган мүлктүн 10%ын алдын ала төлөшү керек, деген нормасы жарандардын сотко кайрылуу укугун чектөөдө. Андай сумманы таап, адам сотко кайрылган учурда дагы эгер иш анын пайдасына чечилбесе кыргыздардын «же уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок», деген макалындай абалга туш келет. Өкмөт ставкалык ченемдер боюнча норманы эртерээк иштеп чыкпаса сотко кайрылуу мүмкүн эмес болуп калды.

Сот адилеттигин орнотууда сот арачылар (суд присяжных) системасын киргизүү дагы чечилбеген маселе бойдон калууда. Аны турмушка ашыруу акча каражатынын тартыштыгынан улам кийинкиге калтырылып келатканы белгилүү.

Жыйынтыктай айтканда, Башкы прокуратура соттук териштирүүлөрдү кийинкиге жылдырууга алып келген себептер менен шарттарга анализ жүргүзүүсү зарыл. Ал эми ишти өз убагында карабаган судьяларды жоопкерчиликке тартышы зарыл. Жогорку сот иштерди суждьялардын өз мөөнөтүндө кароосуна көзөмөлдү күчөтүшү ылаазым. Жогорку сот, ошондой эле, баш коргоо чарасын тандоо боюнча судьялар арасында иш алып барышы керек деп эсептейбиз.

4. Мигранттардын укуктары жана экстрадиция

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттарынын жалпы саны болжолдуу түрдө 750 0001 ашат. Анын ичинде Россия Федерациясында – 663000 жаран. ТИМдин маалыматтары боюнча 1992-жылдан тартып 2015-жылдын 1-январына чейин 500 000ден ашуун кыргызстандык РФнын жарандыгын алган. Ошондой эле Казакстанда 114 миң, Түркияда – 15 миң, АКШда 15 миң, БАЭде – 10 миң, Италияда – 10 миң, Кореяда – 5000, Улуу Британияда – 2000 КР жараны бар.

2015-жылы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) расмий түрдө мүчө болуп кирген. Ошондон кийин мигранттардын укуктарына байлананыштуу бир катар маселелер оң чечилди. Так айтканда, экзамен берүү, ишке орношуу, айдоочулук күбөлүк сыяктуу бир катар жеңилдиктер жасалды. Ошол эле маалда азырынча чечиле элек айрым маселелер бар, алар – пенсиялык төлөм, медициналык страховка, ошондой эле «кара тизме» деп аталган система. Бул маселелер боюнча Өкмөт тарабынан иштер жасалууда.

Акыйкатчы институтуна өз укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылган мигранттар болот, алар боюнча ар тараптуу иштер жасалууда. Мисалы, акчасын өндүрүп берүү, Россияда калып калган баласын Кыргызстанга кайтаруу, өндүрүштө каза болгон учурда маркумдун үй-бүлөсүнө компенсация өндүрүп берген учурлар бар. 2016-жылдын 3-декабрында Дилноза Джурабаева Екатеринбургдан өз ата-энесине кайтып келди. Аны кайтаруу максатында Өзбекстандын Омубдсмени У.Мухаммадиев, Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасы, Свердлов облусунун Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т. Мерзлякова менен болгон биргелешкен аракет жасалды.

Мигранттардын укуктарын коргоо максатында Евразия омбудсмендеринин альянсын түзүүнү демилгеледим, анын жыйынтыгында 2017-жылы 6-декабрда Москва шаарында бул уюм түзүлдү. Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова, Казакстандын омбудсмени Аскар Шакиров, Өзбекстандын омбудсмени У. Мухаммадиев, РФнын Свердлов облусунун Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Мерзлякова, РФнын Челябинск облусунун Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Павлова, Түркиянын, Япониянын, Түштүк Кореянын, Австриянын, Даниянын, Монголиянын, Тажикстандын, Латвиянын, Молдованын, Азербайжандын, Армениянын, Индонезиянын, Пакистандын Омбудсмендери менен эки тараптуу байланыштарды калыптандырдык.

Жыйынтыктап айтканда, мигранттардын саны (750 000) эки облустун калкынын санына барабар экендигин эске алып, бул багытта активдүү жана системалуу иш алып баруу шарт. Кыргызстандын жарандары көп жерлерде шашылыш чече турган бир катар көйгөйлөр бар. Тышкы иштер министрлиги андай мамлекеттерде – Россиянын Москва, Екатеринбург, Красноярск, Самара, Түркия, Түштүк Корея, БАЭнын ири шаарларындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн потенциалын күчөтүү зарыл. Тышкы иштер

министрлигинен башка мамлекеттик органдар чет өлкөлөрдө абдан начар иш алып барышат. Биздин жарандар башка өлкөлөрдө убактылуу жүргөн мезгилде алардын коопсуздугун сактоо максатында укук коргоо органдарынын, Ички иштер министрлиги потенциалын күчөтүү зарыл. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары чет мамлекетке китип бараткан жарандарды аныктоо боюнча системалуу иштерди жүргүзүп, аларга укуктук маалымат берүү, бара турган өлкөсүнүн мыйзамдарын тааныштырышы зарыл. Мамлекеттик миграция кызматына Юстиция министрлиги менен биргеликте бул иште авангарддык милдетти аркалаганы оң.

Мигранттардын укугун коргоонун башкы куралы бул – Кыргыз Республикасынын экономикасын көтөрүү, реалдуу секторго көңүл буруп, экспортко товарын сата турган өндүрүштү жолго коюу. Качан мыкты экономика болгондо биздин бир миллион элибиз тышка иш издеп, жакшы айлык акы кубалап кетишпейт. «Фокус Экономикс» аналитикалык тобунун иликтөөсү боюнча Кыргызстан ички дүң продукциянын көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң жакыр 10 мамлекеттин катарына кирди. Жан башына бизде 1222 доллар гана товар өндүрүлөт. Ал эми сап башындагы Люксембург, Норвегия, Швейцарияда жан башына 80 миң доллардык өндүрүм болууда.

Урматтуу депутаттар, урматтуу чакырылгандар!

5. Жабык мекемелердеги абал жана кыйноо фактылары

Акыйкатчы Институту жаза өтөө мекемелерине системалуу түрдө, тынымсыз мониторинг жүргүзүп келатат. Кыргызстандагы жабык мекемелердин 90%ы стандарттарга жооп бербейт. Негизги себеп – акча каражатынын тартыштыгы. Жаза аткаруу системасына бөлүнгөн каражат 2016-жылы 1 млрд. 088 млн. 343,5 миң сом, ал эми талап кылынган керектөөсү – 3 млрд. 092 млн. 127,2 миң сом, б.а. талап кылынган каражаттын 35,2 % гана бөлүнөт. 2016-жылы кошумча 232 млн. сом бөлүнгөн.

Жаза аткаруу системасында Соттолгондордун жаза өтөөчү мекемелерин кайтаруу жана конвоирлөө департаменти; 11 түзөтүү мекемеси, анын ичинде жашы жете электердин Вознесеновкадагы тарбиялоо абагы; 6 тергөө изолятору; 1 түрмө; 13 түзөтүү абагы; 50 аймактык жазык-аткаруу инспекциялары бар. Алардын баарындагындагы негизги көйгөйлөр – инфраструктуранын эскилиги, түрмө калкынын жумушсуздугу, медициналык тейлөөнүн начарлыгы, Жазык аткаруу кызматкерлеринин айлык акысынын төмөндүгү, социалдык шарттардын түзүлбөгөнү, материалдык-техникалык базанын алсыздыгы, СИЗОлордо айыпталуучулардын тар бөлмөлөрдө кармалып турушу, абанын жетишсиздиги, антисанитария – булардын баары жабык мекемелерде абал оор экендигин далилдеп турат.

Белгилеп айта кетүүчү нерсе – азыркы Коопсуздук (мурдагы Коргоо) кеңеши 2016-жылдын 30-апрелинде “Кыргыз Республикасында жаза-аткаруу системасынын иштешин камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” №2 чечимин кабыл алып, аткаруу бийлигинин органдарына 21 пункттан турган иш-чара тапшырылган. Кыргыз Республикасынын ошол кездеги Премьер-министри С.Ш.Жээнбековдун 2016-жылдын 18-

майындагы № 23-18776 резолюциясы менен Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу боюнча план бекитилген. Коопсуздук кеңеши жалпы жаза аткаруу системасын реформалоо максатын көздөп, ал жерлерде өндүрүштү жолго коюу, мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуунун жаңы системасын иштеп чыгуу, камалгандарды кармоо жана которуу режимин өзгөртүү, оорулардын айрым түрлөрүнө байланыштуу соттолгондорду андан ары жазалоодон бошотуу, кошумча 110 штаттык бирдик кароо, терроризм жана экстремизм менен соттолгондорду обочо камоо үчүн имараттарды куруу, өмүр бою эркинен ажыратылгандардын имаратын бүтүрүү сыяктуу бир катар иш-чараларды мерчемдеген. Алардын канчасы аткарылып-аткарылбаганын дагы бир ирет Коопсуздук кеңешиндеби, Жогорку Кеңештеби же Өкмөттөбү – кароо зарыл деген ойдоймун.

Эми кыйноого каршы күрөш маселелери. Акыркы бир нече жылдын ичинде Кыргыз Республикасында кыйноого каршы күрөштөгү жетишкендиктерге карабастан кыйноолор дале колдунулууда. Кыйноо адамды кармаган биринчи мүнөттөрдө, «аңгемелешүү» маалында, кармалган адамдарды кылмышты моюнга алдыруу максатында колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын берген маалыматтары боюнча 2010-жылдан баштап кыйноолорго байланышкан кылмыш иштеринин саны болжол менен 1,5 эсеге өскөн.

Акыркы 5 жыл ичинде республикада прокуратура органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 305-1-беренесине ылайык 100 кылмыш иши козголгон (2012-жылы – 13, 2013-жылы -19, 2014-жылы – 16, 2015-жылы – 34 жана 2016-жылы – 18).

2016-жыл ичинде Акыйкатчысынын дарегине жарандардан 60 арыз түшкөн. 2016-жылы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жана прокуратура органдарынын кызматкерлери менен биргеликте 677 текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2016-жылы КЖКнын 305-1-беренеси боюнча болгону 18 кылмыш иши козголгон, анын ичинен 1 иш сотко ашкан, 3 иш өндүрүштөн кыскартылган, 8 иш убактылуу токтотулган жана 6 иш боюнча иш каралып жатат.

Акыркы жылдардагы маалыматтар боюнча, жүздөгөн кылмыш иштери козголгонуна карабай болгону 15 кызматкер гана сот жообуна тартылды. Көп иштер соттук-медициналык экспертиза маалында бузулуп, токтотулат. Ошондой эле көп иштер көп жылдап соттордун кароосунда калып калууда.

Кыйноо жана башка ырайымсыз мамиленин түрлөрүн тергөөнүн натыйжалуулугу физикалык жана психикалык далилдерди талаптагыдай документтештерүүгө көз каранды. Кыйноо жана башка катаал мамилелерди документтештирүүнүн мыкты бир куралы болуп Стамбул протоколу саналат. Кыйноолор жана башка ырайымсыз мамилелер үчүн жоопкерчиликке тартуу иштерин изилдөө көргөзгөндөй экспертизанын кечигип башталганы же болбосо экспертизанын өз маалында жыйынтыктарды чыгарып бербегени бир нече себептер менен түшүндүрүлүп келет:

* эксперттердин ишинин көптүгү;

* жабырлануучуларды экспертизага өз учурунда келбегени;

* экспертизага медициналык документтерди толугу менен өз убагында бербегени (жабырлануучунун медициналык мекемелерге, стационардык же амбулатордук дарылоодо болгондо, ошондой эле, кылмыштуу кол салуунун натыйжасында), медициналык керектүү документтерди кошумча талап кылуу жалпы эксперттик изилдөөгө жана корутунду чыгарууга кете турган убакытты андан да ары узартат;

Көп учурда кыйноонун курмандыктары укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кысымына байланыштуу медициналык экспертизадан өтүүдөн өздөрү баш тартат. Экспертизадан өтүүнүн өзү дагы конвой кызматынын кыйынчылыктарына байланыштуу айрым тоскоолдуктарды жаратат.

Кыйноо жана башка ырайымсыз катаал мамилелер боюнча кайрылууларды иликтөөнүн натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизип жаткан факторлордун бири – кыйноону жана башка катаал мамиленинин физикалык жана психикалык далилдерин сабаттуу, талаптагыдай документтештирүү болуп саналат.

Ал максатта Стамбул протоколунун негизинде “Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн натыйжалуу документтештирүү боюнча медициналык кызматкерлер үчүн практикалык колдонмо” иштелип чыгып, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен 2014-жылы декабрда бекитилген.

Жыйынтыктай айтканда сот системасына реформа керек. Ал эми сот системасындагы адилетсиз, мыйзамсыз иштерди ооздуктоо үчүн прокуратура органдары тарабынан көзөмөл катуулашы зарыл. Прокурорлор принципиалдуу күрөштү качан баштайт деп коомчулук күтүп турган убагы. Кыйноо фактылары боюнча ар бир арыз прокурорлордун, соттордун кылдат, аяр кароосун талап кылат. Жабык мекемелердеги оор абал, айлап-жылдап акыйкаттык күтүп жаткандардын тагдыры соттор менен прокурорлордун колунда жана абийиринде.

6. Жарандык-саясий укуктар (Саясий негизде камалды делгендердин укуктары)

2016-жылы Кыргыз Республикасында бийликтер тарабынан сөз эркиндигине жана тынч чогулуш, митингдерди өткөрүү эркиндигине кысымдар башталды. Интернетти массалык маалымат каражаттарына теңөө аракеттери болду. Ой эркиндиги, сөз эркиндиги Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 19-беренесинде, КР Конституциясынын 31-, 33-беренелеринде кепилденген.

КР Ички иштер министрлигинин маалыматтарын талдоо көрсөткөндөй, 2016-жылы республиканын аймагында тынч чогулуштарды өткөрүүнүн саны 2015-жылдагыга караганда өскөн. Республикада 2016-жылдын 12 айында нааразычылык акциялары жана митингдердин саны 596ны түздү, 2015-жылы алардын саны 466 болгон. Саясий мүнөздөгү тынч чогулуштарынын саны азайган: 2015-жылы – 230, ал эми 2016-жылы – 156.

Ошол эле маалда соттор тарабынан тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салган чечимдер Конституцияга, мыйзамдарга каршы кабыл алынып турду. Мисалы, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусунун негизинде аталган райондун соту 2016-жылдын 15-июлундагы чечими менен Жогорку Кеңеш, Өкмөт үйү, “Ала Тоо” аянты, Фрунзе, Эркиндик жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишкен жерлеринде 2016-жылдын 6-июлунан тартып 15-сентябрына чейин митинг,

жыйын өткөрүүнү чектеп салган. Ошонун негизинде И.Трофимовдун баштаган жарандардын тынч чогулуш өткөрүү укугу бузулган. Ал эми ошондой эле чечимди жарандык активист Адиль Турдукуловдун тынч митинг өткөрүү өтүнүчүн четке кагып, сот аны «Тынч чогулуштар жөнүндө» эски мыйзамдын нормалары менен административдик жоопкерчиликке тарткан. Жогорку сот ылдыйкы инстанциялардын андай мыйзамсыз чечимин колдоп, мыйзамдаштырып берген.

2016-жылы «саясий негизде» деп аталган камактардын алгачкылары башталды. Атап айтканда, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпталып, камалып, соттолду. Алардын соту «секретно» шрифти менен тергелип, өткөрүлдү. Айыпталуучулар күнөөнү моюнга алышкан жок жана аны саясий өңүттөгү куугунтук катары баалашууда.

7. Мыйзамдарды жакшыртуу (Конституциялык палата)

2016-жылы Акыйкатчы Институту 15 ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүздүк, жана тиешелүү субъекттерге өз сунуштар, пикирлерди жибердик. Алардын катарында жарандардын жер участокторун мамлекеттин кызыкчылыгына алып коюу демилгеси, соттук процесстердин үзгүлтүксүздүгү, «Баатыр эненин» статусу, педофилдерге каршы жазаны күчөтүү, гендердик теңчилдик, үй-бүлөдөгү зомбулукту азайтууга багытталган мыйзам долбоорлору бар. Мындан тышкары Акыйкатчы институтунун тарыхында биринчи ирет Конституциялык палатага кайрылуу укугубузду пайдаланып, адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзамдын айрым нормаларынын Конституцияга каршы келээри боюнча позициябызды жактадык. Конституциялык палата ишти биздин пайдабызга чечип берди.

8. Көңүл буруу актылары (канча кызматкер жазаланды)

2016-жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы тарабынан ар кайсы мамлекеттик органдарга 107 Көңүл буруу актылары жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында төмөндөгү кызматкерлер жоопко тартылышты.

– кызматтан бошотулгандары: орто мектептин директору, райондук ички иштер бөлүмүнүн инспектору, акушер-гинеколог, НЦОМИДдин башкы дарыгердин милдеттин аткаруучу, убактылуу кармоочу изоляторунун башчысы, 1 коопсуздук кызматкери, 1 тергөөчү;

– 2 мектеп директорлору, бир прокурор кызматынан төмөндөтүлдү;

– өз каалоосу боюнча жумуштан кеткендер: 3 директорунун орун басары (3 завуч),

– кызматтык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн сөгүш: 2 мектеп директорлору, 1 улук тергөөчү сөгүш алышты;

– тартип өндүрүшү 3 сотко карата козголду;

– өз милдеттерин аткаруудан бошотулган: 1 тергөөчү, 2 сот;

– сөгүш: ГРСнын төрагасынын орун басары, Ош прокуратурасынын тергөө бөлүмүнун тергөөчүсу, СИЗО-1дин ыкчам бөлүгүнун башчысы, 3 коопсуздук кызматкерлери сөгүш алышты;

– катуу сөгүш: 1 райондук ички иштер инспекторуна, 1 оперативдик кызматкерге;

– буйруктарды аткарбагандыгы үчүн эскертүү: 1 төрөткананын башкы дарыгери;

– катаал эскертүү: Ички иштер органынын убактылуу кармоочу изоляторунун кызматкери, СИЗО-1дин канцеляриясынын жетекчиси;

– Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан өкүм жокко чыгарылышы: 1 иш боюнча;

– Кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө: 1 судьяга карата.

Көңүл бурганыңыздарга ырахмат!

 


[1] Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36-беренесинин 4-бөлүгү.

[2] Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36-беренесинин 1-бөлүгү.

[3] БУУнун Балдар жөнүндө конвенциясынын 20-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрү.

[4] Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жообу, чыгыш №3/8292, 27.12.2017.

[5] «Бала жөнүндө» кодекст, 67-79-беренеси.

[6] Ошол эле жерде, 44-66-беренелер.

[7] ЭСӨМ жообу, чыгыш №3/8292, 27.12.2017.

[8] Караңыз: 30-бет, https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ru/Book_rus.pdf

[9] «Бала жөнүндө» кодекстин 37-беренеси.

[10] Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жообу, чыгыш №3/8292, 27.12.2017.

[11] КР ЭСӨМ 28.10.2017-жылдагы  чыг.№6/7057 жообу.

[12] Караңыз: http://edu.gov.kg/ky/obrazovanie/2017-10-14-20-50-09/inklyuzivnoe-obrazovanie.html