Акыйкатчы институту кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт
КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже тобун ээлөө үчүн кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
-жеке арыз;
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), резюме(соттуулугу бар жэ жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
-акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
-акыркы иштеген жери боюнча күбөлөдүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажысы бар болсо);
-илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлүрү (бар болсо);
-паспорттун көчүрмөсү.
Конкурстка катышуу үчүн 2025-жылдын 16-июлунан тартып 25-июль күнү кошулуп жүргүзүлөт.
Дареги: Бишкек ш., Тыныстанова көч. 120, кабинет №204, кадр бөлүмү тел.: (0312) 66-32-97.
Документтердин толук пакетин тапшырбаган, ошондой эле коюлган талаптарга ылайык келбеген талапкерлер конкурска киргизилбейт.
Конкурстун толук шарттары-тиркелген файлда.
Дополнительные материалы:
