Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин кайрылуусу

26/06/2018 - 11:09

Урматтуу мекендештер!

2018-жылдын 27-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы катары ыйгарым укуктарымды токтотууну чечтим.  Ар бир адамдын, анын ичинде, мамлекеттик кызматкердин турмушунда анын билими менен ишбилгилиги башка жаатта, башка жерлерге керек болгон учур келет, ал чөйрөлөрдө адам мамлекетке жана коомго көбүрөөк салымын кошушу ыктымал. Мындай учур мага да келди. Бул алдын ала жакшылап ойлонулган чечим, ал өз ыктыярым менен кабыл алынды.

Урматтуу мекендештер!

Акыркы 2,5 жылда адам укуктарын коргоо жаатында Акыйкатчы институтунда оозго аларлык, көӊүлгө толорлук бир катар иштер жасалды. Акыйкатчы институтунун 5 жылдык Өнүгүү стратегиясы иштелип чыкты. Акыйкатчы аппаратынын он беш жылдык тарыхында биринчи ирет 2 жыл ичинде 19 атайын докладдар даярдалды. Аларда жарандардын социалдык-экономикалык жана жарандык укуктары козголду. Таза суу, жетим балдарды коргоо, медициналык тейлөө, билим берүү, кыйноого каршы күрөш, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге камкордук, мигранттарга жардам – атайын докладдарыбыздын изилдөө, иликтөөлөрүнүн  предмети болду. Жетим балдарга кол сунуп, жалгыз бой энелердин көз жашын сүрттүк, адилетсиздикке басынгандарга боор тарттык, айыпсыз камалгандарга караан болдук. Датын айткандарга жөлөк, аялуу катмарга өбөк болдук, далайларга юридикалык кеп-кеӊештерди бердик, практикалык жардам көрсөттүк. Сот, прокуратура, күч органдарынан акыйкаттык таппагандар бизге миӊдеп кайрылып турушту, аларга кол сунуп, укуктарын коргодук. Мен мындай иштерге жетекчилик кылып, анын башында турганыма сыймыктанам, анткени, жасаган ишибиз адал, максатыбыз аруу, кадамыбыз мыйзамдуу болду, демек, соопчулук иш жасадык.

Албетте, адам укуктарын коргоп, аны жакшыртуу үчүн мамлекеттик баардык органдардын ишинин сапаты артышы зарыл. Коррупция – адам укугун бузуунун башат, булагы. Президент Сооронбай Шарипович Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү туура багытта баштады. Анын Коопсуздук кеӊешинде жана андан кийин айткандары, өзгөчө, сот системасы тууралу ой-пикири, позициясы сый-урмат жаратат, кадамдары болсо колдоого арзыйт. Тилекке каршы, сот, прокуратура, күч органдары реформаланмайынча адам укуктары менен эркиндиктерин бузуу фактылары орун ала бермекчи.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Учурдан пайдаланып мени жана Акыйкатчы институтун колдоого алып, ишеним көрсөткөндөргө, биз менен кызматташып келген баардык мамлекеттик институттарга, анын ичинде, Президенттин жана Өкмөттүн аппараттарына, Жогорку Кеӊешке, анын депутаттарына, Жогорку сотко, судьяларга, Конституциялык палатага, прокуратура органдарына тереӊ ыраазычылыгымды билдирем. Биз менен адам укуктары менен эркиндиктерин коргоодо таламдаш, замандаш болгон жарандык коомго, ошондой эле эл аралык уюмдарга, өзгөчө Европа Биримдигине, Адам укуктары боюнча Дания институтуна, Фридрих Больцман институтуна, БУУнун агентство, комитеттерине, УВКПЧга, PRIга, ОБСЕ, «Сорос-Кыргызстан» фондуна, Фридом Хауска, Эл аралык эмгек уюмуна (МОТ) жана чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтерине ырахматымды айтмакчымын.

Биздин орток ишибизге чоӊ салымын кошкон Орусия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүлү Т.Москальковага, Казакстандын омбудсмени А.Шакировго, Өзбекстандын омбудсмени У.Мухамаддиевге тереӊ ыраазычылыгымды билдирем. 

Мамлекеттик мекемелер, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын эриш-аркак биргелешкен ишинин аркасында биз көп нерсеге жетиштик. Акыйкатчы институту ошондой албан иштерге сапарлаш-кадамдаш, шериктеш-тилектеш болду. Көптү жасадык, дагы көп иштер алдыда.

Ар бириӊиздерди ийгилик жылоолосун! Кыргызстаныбыз гүлдөгөн мамлекетке айлансын! Кудай баарыбызды колдосун!

Кубат Оторбаев,

26.06.2018.