Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы институтунун кызматкерлери шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш мониторинг жүргүзүшөт

10/07/2021 - 13:49

Бүгүн, 2021-жылдын 10-июлунда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын борбордук аппаратынын, Акыйкатчынын Оштогу жана Ош облусундагы өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Бишкек, Ош жана Токмок шаарынын шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө мониторинг жүргүзүшөт.

Мониторингдин жүрүшүндө шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлануу жана шайлоо укугун жүзөгө ашырууга жана коргоого, адамдын ден-соолугунун  коопсуздугуна жана коронавирустук инфекциядан сактоо нормаларын сактоого өзгөчө көңүл бурулат.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов ушул шайлоого катышкан бардык партияларга, УШКнын кызматкерлерине жана республиканын жарандарына кайрылып, мыйзамдардын тиешелүү талаптарын аткарууга, жарандык аң-сезимдүүлүктү жана жигердүүлүктү, ошондой эле добуш берүү процессинде сергек жана кайдыгер эмес мамиле кылууну өтүнөт. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы институту шайлоодогу мыйзам бузуулар жөнүндө фактылар болсо, “115 шыр байланыш” телефонуна билдирип коюуну өтүнөт.  (115ке чалуу каалаган уюлдук жана стационардык байланыш операторлорунан акысыз). Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын борбордук аппаратына, Ош жана Чүй облустарындагы өкүлчүлүктөрүнө түз билдирсе болот.

Акыйкатчы институтундагы мониторингдин жыйынтыгы боюнча, тиешелүү отчет даярдалып, андан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешине сунушталат. Акыйкатчы Аппараты Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, өркүндөтүү жана коргоо боюнча сунуштарын бүгүнкү шайлоонун жүрүшүнө катышкан жана байкоо жүргүзгөн республиканын бейөкмөт уюмдарына жана жарандарынан, республиканын адам укуктары боюнча башкы органынын кызматкерлеринен, жалпыга маалымдоо каражаттарынан келип түшкөн бардык арыз-даттанууларды, билдирүүлөрдү жалпылагандан кийин акыркы жыйынтыктарды чыгарып анан жарыялайт