Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Европа бирлигинин өкүлдөрү менен жолугушту

29/01/2021 - 15:27

Бүгүн, 2021-жылдын 29-январында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов Европа Бирлигинин “LEICA” программасынын директору Жером Рибо-Гейяр жана  аталган программанын башкы эксперттери Мануэль Лоренцо Марион жана Валерий Коротенко, ошондой эле Терроризм менен күрөшүү жана коопсуздук маселелери боюнча регионалдык эксперт, Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Эммануэль Гравье мырза менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар адамдын диний укуктарын коргоо маселелерин жана Борбордук Азия чөлкөмүндө террористтик көрүнүштөр менен күрөшүү маселелери талкууланды. Акыйкатчы бул багытта Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача айтып берди. Мындан тышкары мындан ары кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары аныкталды.