Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Европа Бирлигинин "Ачык коомчудук - ачык массалык маалымат каражаттары" долбоорунун алкагында өткөрүлгөн түз эфирге катышты

10/02/2021 - 14:53

Бүгүн, 2021-жылдын 10-февралында, Европа Бирлигинин "Ачык коомчулук - ачык ММК" долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов "Миграция: Учурдагы көйгөйлөр жана чечүү жолдору " деген темада түз эфирге катышты. Бул Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) катышуусу менен мерчемделген түз ободогу берүүлөрдүн алгачкысы.

Бул иш-чара Густав Штреземан институту (Германия), Pro NGO! e.V.   (Германия), «Улгайгандар үчүн ресурстук борбор» комдук бирикмеси (Кыргызстан), « XXI кылым мууну» коомдук фонду (Кыргызстан) өкмөттүк эмес уюмдардын консорциуму менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары менен эркиндиктерине парламенттик көзөмөлдү камсыз кылган негизги конституциялык институт болуп саналган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты менен өнөктөштүктө уюштурулду.  

Жолугушуунун жүрүшүндө Акыйкатчы жана аппарат кызматкерлери чет өлкөдөгү мигранттардын укуктарын коргоо боюнча өлкөнүн башкы укук коргоо мекемесинин ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача айтып беришти. Андан кийин социалдык тармактардын колдонуучуларына, укук коргоочуларга мигрант балдардын укуктары, мындай балдарды документтештирүү жана башка социалдык маселелер боюнча суроолорун узатуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында ушул сыяктуу дагы 12 түз эфир өткөрүлүп, анын видеотасмалары социалдык тармактарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) сайтына жайгаштырылат.