Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы эмгек мигрантынын укугун коргойт
Кыргызстандын Акыйкатчысы Россия Федерациясындагы 1988-жылы туулган Махбурат Эмилбаева аттуу эмгек мигрантына ага карата чыгарылган Москванын “Хамовники” райондук сотунун чечимине даттануу ниетин билдирсе, анын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо мындан аркы юридикалык жардам берүүнү сунуштайт. Ал үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда аны Москва полиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн деп үч күнгө камакка алынган.
Эске салсак, буга чейин Токон Мамытов Россия Федерациясындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалковага, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Саматка кайрылуу жолдогон эле. Анда Махбурат Эмилбаеванын укуктарын коргоого көмөктөшүү, анын кармалган жагдайларын текшерүү жана Кыргызстандын жаранынын укуктары менен эркиндиктерин бузган адамдарды жоопко тартуу чараларын көрүүгө көмөктөшүүнү суранган.
Акыйкатчы Кыргызстандын Россиядагы элчилигине, Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө, укук коргоочуларга жана Махбурат Эмилбаеванын бошотулушуна активдүү катышкан жана катышып жаткан жөнөкөй камкор жарандарга, ошондой эле Кыргызстандагы эмгек мигранттарынын бузулган укуктарын калыбына келтирүүдө жана коопсуздугун камсыз кылууда кылган эмгектери үчүн ыраазычылык билдирет.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты өз кезегинде Россиядагы кыргызстандыктардын мыйзам бузуулары жана/же корголушу менен байланышкан кырдаалдарга ыкчам мониторинг жүргүзүү боюнча ишин уланта тургандыгын билдирет. Ошол эле учурда Акыйкатчы Кыргызстандын бардык эмгек мигранттарын жана Россиянын жана башка чет мамлекеттердин коноктору болгон жарандарын, алар убактылуу турган мамлекеттердин мыйзамдарынын ченемдерин так сактоого чакырат.