Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы борборубуздун Биринчи май районундагы балдардын укуктарын калыбына келтирүү боюнча Бишкек ш. мэриясынын иш-аракеттерин көзөмөлгө алды

19/06/2020 - 15:13

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жашоочуларынын демилгелүү тобу  ( Токтоналиев, Ахунбаев, Малдыбаев, Айни, Худайбергенов, Табалдиев жана Сухомлинов көчөсүндө жашашкан) өз балдарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылышып, аталган райондордун скверлерин, балдардын спорттук  аянтчаларын талкаланышына жооптуу  болгон Бишкек шаарынын мэриясынын  кызматкерлерине карата республиканын мамлекеттик жана укук коргоо органдары тарабынан администрациялык чара жана жаза чаралары колдонулушу керектигин айтышты.

Акыйкатчы менен жолугушуу учурунда арыздануучулар  Токтоналиев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан  “Слоники” сквери жана спорттук аянтча жана Манас-Ахунбаев-Малдыбаев-Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан спорттук аянтча 1960-жылдардын башында турак-жайларды куруу учурунда салынып  жана алар райондун жана шаардын бардык тургундары пайдаланууга берилгенин, бирок 2005-жылы бул аянтты Бишкек шаарынын мэриясы көп кабаттуу имарат куруу үчүн  (аянты 0,36 га) 49 жылга «Онурхан» ЖЧКсына ижарага берип салганына арызданышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын бул аймакты өнүктүрүүгө уруксат берген жагдайларын жана мыйзамдуулугун тактоо үчүн, Биринчи май районунун жашоочулары бир нече жолу тиешелүү органдардан түшүндүрүп берүүсүн суранып кайрылышкан.  Бирок, арыз берүүчүлөр маалымдагандай,  бул тактоолор жүргүчөктү “Онурхан” ЖЧКсы  «TS Group» жана  «Фиеста» ЖЧКлары менен курулуш иштерин биргелешип жүргүзүү үчүн биригишип алып, 2006-жылы аймакты басып алуууга биринчи аракетин жасашып, 57 жашыл бакты кыйышып, спорт аянтчанын четин калай тосмо менен тосуп салышкан. 

 “Мунун баары “Бишгкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын уруксатысыз (документи жок) жүргүзүлдү.   Биздин билдирүүлөрүбүз боюнча, Бишкек шаардык прокуратурасында "Зеленстрой" муниципалдык ишканасына каршы кылмыш иши козголду. Ошондой эле, биздин билдирүүлөргө ылайык, шаардык прокуратура 2017-жылы Бишкек шаардык мэриясынын 2005-жылдын 6-апрелиндеги № 327 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө доо арызын берген. 2019-жылы март айында райондор аралык сот шаардык мэриянын № 27 токтомун жокко чыгаруудан баш тартып, ишти токтоткон. Судьянын чечимине шаардык прокурор даттанган жок. Бул иш логикалык жыйынтыкка келген жок, ал эми шаардык прокуратуранын  Софья Хилоу аттуу кызматкери эки тараптуу мамиле кылды ", - деп Акыйкатчыга Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы демилгелүү топтун өкүлдөрү билдиришти.

Андан кийин  арыздануучулар “Онурхан”ЖЧКсы 2019-жылдын 3-августунан 8-августка чейин  спорт аянтчасын “Аякс” коопсуздук-детективдик агенттигин жалдап, кайтарууга алдырып, район тургундарына аны коргоого тоскоолдук жараткан. Андан тышкары “Онурхан” ЖЧКсы спорт аянтчага балдар ойной албагыдай кылып, айланасын металл тосмо менен тосуп, “”Слоники” скверине контейнер түшүрүп койгонуна даттанышты. 

 Чыр-чатак кырдаалынын курчуп бараткандыгын түшүнүп, 2019-жылдын 7-августунда жергиликтүү тургундардын демилгелүү тобу мэриянын, акимиаттын, Бишкекбашкыархитектуранын, ЭкоТехИнспекциясынын өкүлдөрү, юристтер жана “Онурхан” ЖЧКнын өкүлдөрү  катышкан Бишкек шаардык кеңешинин чукул жыйынына катышкан. Жолугушууну шаар куруу маселелери боюнча вице-мэр У.С. Азыгалиев алып барган. Талкуунун жүрүшүндө «Онурхан» ЖЧКнын документтеринде дал келбестиктер аныкталып, иштеп чыгуучулардан ал жагдайлар такталганга чейин ишти токтотууну суранган (оозеки). Бирок, Бишке шаардык кеңешинин комиссиясынын бул өтүнүчү куруучу компания  тарабынан четке кагылды, ал тургай, архитектуралык корутундулар жана шайкеш келтирүү бөлүмүнүн башчысы Анна Триненанын талаштуу аймакка келгени да алардын жүрүш-турушун өзгөрткөн жок, ошол учурда куруу иштерине даярдыктар жүрүп жаткан.

Буга байланыштуу райондун жашоочулары «Онурхан» ЖЧКсы тарабынан курулган оюн аянтчасынын тосмолорун өз алдынча бөлүп салуу жөнүндө чечим кабыл алууга аргасыз болушкан. Бирок “Аякс” коопсуздук- детективдик агенттиктин 15-20 кызматкери шаар тургундары менен, анын ичинде улгайган адамдар жана аялдар менен мушташып, балдардын аянтчага кирүүсүнө гана эмес,  жарандардын Токтоналиев көчөсүнө өтүүгө жолтоо болгон тосмолорду алып салууга мүмкүнчүлүк беришкен эмес.

 Арыздануучулардын айтымында, "Онурхан" ЖЧКсынын жетекчилиги менен шаар тургундардын өтө нааразычылыгына жана БШК комиссиясынын өтүнүчүнө карабастан,  курулуш иштери улантыла тургандыгын бардык жагынан баса белгилегени аз келгенсип, каршы турган тугундарга мыкты машыктырылган “Аякс” спортчуларынын жардамы менен физикалык жактан зыян келип калышы мүмкүн экендигин ачык айтып коркутуп келет.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, ошондой эле бул чөлкөмдөгү балдардын жана чоң кишилердин конституциялык укуктарын коргоо, андагы бейпилдикти жана туруктуулукту сактоо максатында, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жашоочуларынын демилгелүү тобу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынан  бузулган конституциялык укуктарды калыбына келтирүү жана тикелей милдеттерин КР мыйзамдарын жоопкерчиликтүү аткаруу үчүн Бишкек ш. мэриянын жана прокуратуранын иш-аракеттерин  көзөмөлдөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.

Мындан ташкары алар Бишкек ш. Мэриясына, прокуратурасына, ИИБна төмөндөгүлөрдү айтып  кайрылышат:

 - "Онурхан" ЖЧКнын балдар аянтчасына жана сквер аянтчасы ээлеген 0,36 га жерди турак үйдүн курулушу үчүн бөлүүнүн мыйзамдуулугун карап чыгуу;

- аталган уруксатты жокко чыгаруу;

- «Онурхан» ЖЧКны аянтты  баштапкы абалына келтирүүгө милдеттендирүү, анткени ал аянтты тротуардан коргоп турган тосмо алынып салынган, отургучтар жана футболдук дарбаза, волейболдук аянтчалар талкаланган, асфальттын үстү бузулуп, 57 жашыл бактар кыйылган.

- тургундарга анын ичинде карыларга жана аялдарга карата физикалык күч колдонгон “Аякс” коопсуздук-детективдик агенттиктин кызматкерлерине  карата тиешелүү чараларды көрүү.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Бишкек шаардык мэриясынын жана "Онурхан" ЖЧКсынын бул иш-аракеттери жарандардын жана айрыкча балдардын жагымдуу жашоо чөйрөсүнө жана сергек жашоо мүнөзүнө болгон укуктарын бузат, шаардагы экологиялык кырдаалга олуттуу зыян келтирет жана Биринчи май районунун жарандарынын мүлктүк укуктарын бузат, мамлекеттик жана шаардык бийликтин, ошондой эле сот бийлигинин өкүлдөрүнүн беделине  жана Кыргыз Республикасындагы коррупцияга каршы күрөштүн алкагында, алардын чечимдеринин легитимдүүлүгүнө шек келтирет деп эсептейт.

Учурда бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппараты прокуратура органдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тийиштүү кайрылууларды даярдап жатат.

P.S. Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жашоочуларынын демилгелүү тобу Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан №52, 46, 30, 28, 26, 24, 22, 20, 18, 16, 14, 10,8, 6v үйүнүн, Худайбергенов көчөсүндө жайгашкан №129  үйүнүн жана Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан, 129а, 139,141 үйүнүн жашоочуларынын кызыкчылыктарын билдирип кайрылышкан.