Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Казакстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимова менен телефон аркылуу байланышты

08/01/2022 - 10:52

Бүгүн, 2022-жылдын 8-январында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Казакстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимова менен телефон аркылуу байланышты.

Аскат Азарбеков Казакстан Республикасындагы массалык башаламандыкта каза болгондордун жакындарына Кыргызстандын Акыйкатчы аппаратынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтууну өтүндү. Ошондой эле, эгерде  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) институтунан жардам керек болсо, аны чечүү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун ыйгарым укуктарына кирсе, анда Кыргыз Республикасынын Омбудсмен институту жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Казакстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Абилхасимовна Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун өкүлүнө колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, «Адам укуктары боюнча кенсе кадимки режимде иштеп жатат. Казакстанда кыргызстандыктардын укуктары бузулган учурда Казакстан Республикасынын Адам укуктары боюнча иш алпарган кенсе алардын ыйгарым укуктарынын чегинде көңүл буруп, жардам көрсөтөт”.

Ал ошондой эле республикадагы абал турукташып жатканын кошумчалады.