Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери Кыргыз Республикасында өтүүчү референдумга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого байкоо жүргүзүп башташты

10/04/2021 - 15:00

Бүгүн, 2021-жылдын 10-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) борбордук аппаратынын кызматкерлери жана республиканын жети облусундагы Акыйкатчынын өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасында өтүп жаткан референдумга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү башташты.

Бул байкоо Борбор Азиядагы Стратегиялык анализ, диалог жана өнүктүрүү борбору (CASCADD) менен биргеликте шайлоочулардын укуктарынын бузулууларын аныктоо максатында жүргүзүлүүдө. Мониторингдин натыйжалары Акыйкатчы институтуна табылган же мүмкүн болгон укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик тиешелүү органдарга тиешелүү сунуштамаларды иштеп чыгууга жардам берет.

Атап айтканда, каралып жаткан маселелер бир катар факторлорду камтыйт: 1) шайлоочулар үчүн маалыматтык өнөктүк; 2) коопсуздук маселелери; 3) аялдар менен эркектердин шайлоо процессине бирдей катышуусу; 4) административдик ресурсту колдонуу; 5) Короновирус CoViD-19; 6) Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги жана аларга жеткиликтүүлүк; 7) Шайлоого карата мамиле.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден-соолугун коргоо маселелерине, анын ичинде  БШК, АШК, УШК кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдары,  саламаттыкты сактоо кызматкерлери тарабынан шайлоону өткөрүү боюнча өз милдеттерин талаптагыдай аткарып жаткандыгына мониторинг жүргүзүлөт.

Бүгүн, 2021-жылдын 10-апрелинде, Акыйкатчы институту УШКнын имаратынан башка жерлерде добуш берүүнү көзөмөлдөп жатат. Бул добуш берүүгө медициналык мекемелерде, стационардык дарылануудан өтүп жаткан адамдар, убактылуу кармоочу  жайдагылар ж.б. катышууда.