Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты жаран М.О арызы боюнча КР Жогорку сотунун жазык иштери жана жана жоруктар боюнча иштер коллегиясына кайрылды
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) М.О., аттуу жаран кайрылган, ал Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2020-жылдын 19-ноябрындагы өкүмүнө ылайык, КРнын Жазык кодексинин 201-бер. 2 бөлүгүнүн 1,2- пункттары, 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык 5 жылга эркинен ажыратылып, 700 (жети жүз) эсептик көрсөткүч, б.а. 70 миң сомго өлчөмүндө айып менен жазаланган.
2021-жылдын 11-майында Бишкек шаардык сотунун коллегиясы биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган. Соттун өкүмүнө макул болбогон М.О. жактоочусу Б.Абасканова апелляциялык арыз менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна кайрылган. Алардын ою боюнча, тергөөчүлөр процессуалдык мыйзам бузууларга жол беришкен, алар биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор тарабынан эске алынган эмес. Буга байланыштуу арыз ээси М.О жана анын адвокаты өкүмдү мыйзамсыз жана адилетсиз деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратында М.О.нун арызы жана ага тиркелген документтер кылдат изилденип, анын натыйжасында кылмыш ишинде аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кат Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана жана жоруктар боюнча иштер коллегиясына кат жөнөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты жазык иштери жана жана жоруктар боюнча иштер коллегиясы тарабынан М.О.нун кылмыш ишин кароодо буга чейин жол берилген мыйзам бузууларга көңүл буруусун суранат. Мисалы, тергөө жана соттук отурумдардын жүрүшүндө тергөө М.О. эч кандай процессуалдык же башка документтерге кол койгон эмес, ал ошондой эле протоколдогу кол ага таандык болбогондуктан, издөө протоколун далил катары тааныбоо өтүнүчүн билдирген.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 100-беренесине ылайык, Кармалганды жеке тинтүү иш жүзүндө кармалгандан кийин токтоосуз жүргүзүлөт, бул жөнүндө датасы жана так убактысы (саатын жана минутун көрсөтүү менен) көрсөтүлгөн протокол түзүлөт. Жазык-процесстик кодексинин 82-беренесинин 4 бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, айыптоочу тарабынан ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алынган башка далилдерге жол берилбейт.