Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жабык мекемелерден келип түшкөн арыздарды текшерүүнү улантууда

11/02/2021 - 14:42

2021-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) тийиштүү бөлүмүнүн кызматкерлери келип түшкөн жазуу түрүндөгү жана оозеки кайрылууларды, ошондой эле "115 шыр байланыш" телефону аркылуу келип түшкөн жана  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жеке кабыл алуусундагы айтылган арыздарды текшерүү үчүн бир катар жабык мекемелерге барышкан.

Мисалы, 2021-жылдын 22-январында №47 түзөтүү колониясында Ж.К.Т аттуу жарандын кайрылуусун текшерүү үчүн барган. Ал жаран көзүнүн көрүүсү начарлап кеткен уулу, соттолгон А.К., жана соттолгон А.Б.нын кызыкчылыгын коргоп кайрылган.

Соттолгон А.К. менен жеке сүйлөшүү учурунда. ал буга чейин №47 ТКда дарыланып, бирок операциясыз жана дарыланбастан №8 ТКна кайтарылганы белгилүү болду.

КР Акыйкатчысынын аппаратынын өтүнүчү боюнча, КРнын алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык башкармалыгы Бишкек шаарындагы медициналык борборлордун биринде  соттолгон А.К.нын көзүн толук текшерүүдөн өткөрүп, анын жыйынтыгына ылайык, окулисттин жыл сайын байкоосу менен дары-дармектер менен дарылоо сунушталган.  Дарыгерлер тарабынан хирургиялык жол менен дарылоо сунуш кылынган эмес. Бул соттолгон адамдын ден-соолугунун абалы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык кызматынын туруктуу көзөмөлүнө алынды. А.К.да мындан башка даттануу жок.

Соттолгон А.Б.нын билдирүүсүнө келсек, анда ал ден-соолугунун абалы жөнүндө дагы сөз болгон, ошондой эле Тажикстандагы мекенине өткөрүп берүү өтүнүчү камтылган.

Тактап айтканда, арыз ээси кант диабети менен ооруп, каттоодо турат  жана гипертония менен ооругандыгын билдирген. Экстрадициялоо маселеси боюнча ага тиешелүү кеңештер берилди. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратынын көзөмөлүнө алынды.

Мындан тышкары, шектүү деп саналган К.к.К тарабынан  түшкөн билдирүү текшерилди. Ал  ТИЗО-1 кызматкерлери тарабынан коркутуп-үркүтүү  жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болгонун айтып арызданган. Бул арыз Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун тийиштүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан изилденүүдө.

Ошондой эле, 1-ТИЗОдө тергөө иштеринин корутундусу жана андан кийинки соттун өкүмү менен макул эместигин билдирген шектүү А.О.нун арызы текшерилген. Арыздануучуга соттун өкүмүн апелляциялоо боюнча зарыл болгон юридикалык кеңештер берилди.

Маалымат үчүн: Ушул жылдын январь-февраль айларында КР Акыйкатчысынын аппаратынын тармактык бөлүмүнө соттолгондордон жана шектүүлөрдөн 7 арыз келип түшкөн, анын үчөөсү прокуратурага, төрт өтүнүч Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына  кайрылуу жөнөтүлгөн.