Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун басма сөз катчысы Сабирова Б.А. Мамлекеттик жана ардактуу сыйлыкка татыктуу болду

10/02/2022 - 12:01

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун жамааты Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун басма сөз катчысы Сабирова Барнахан Азатовнаны Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүү, ошондой эле кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланганы үчүн чын жүрөктөн куттуктайт.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка 2021-жылдын 30-декабрында Садыр Жапаров кол койгон.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи бүгүн, 2022-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында өттү.

Сизге, Барнахан Азатовна, мындан аркы профессионалдык жана чыгармачылык өсүүнү, чың ден соолук, тынчтык жана бакубатчылык каалайбыз!

Маалымат үчүн: Б.Сабирова 2003-жылдан бери КР Акыйкатчы институтунда эмгектенип келет. Эки жогорку билими бар: 1) Филолог, кыргыз тили жана адабияты мугалими, . СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

2) юрист - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу КМЮАнын юридикалык факультетин аяктаган.

Мамлекеттик кызматка келгенге чейин (Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратына) педагогикалык жана илимий ишмердүүлүк менен алектенген. Учурда «Мамл екеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси» статусуна ээ.