Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун «Акыйкат» медалы

14/12/2021 - 09:27

«Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы(Омбудсмени) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту менен жигердүү кызматташканы үчүн, ошондой эле Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 73 жылдыгына жана 10-Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата  мамлекеттик органдардын, жарандык сектордун бир катар өкүлдөрү жана Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын төрт кызматкери Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун «Акыйкат» медалы менен сыйланды:

Сыйлык ээлери:

Токтосунова Наиля Жакшылыковна, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы;

Калчабаев Самат Маакеевич, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын Сот органдары менен иштөө жана сот процесстерин мониторингдөө бөлүмүнүн башчысы;

Доолотов Абдылказым Атайбекович, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратынын сот процесстерин мониторингдөө бөлүмүнүн башчысы бөлүмүнүн эксперти;

Акматов Азим Казатович, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын Социалдык-экономикалык жана маданий укуктарды коргоо боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Сыдыков Айдар Жумабаевич, Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун Координациялык кеңешинин төрагасы;

Мамытов Аляскар Апышевич, КААУБ алдын-ала баруулар бөлүмүнүн эксперти;

Асанов Тилек Болотбекович, адвокат;

Акматбекова Айзат Кубатбековна, адвокат;

Маатов Баймурза Турдахунович, Ош облусунун прокурору;

Абитов Жеңишбек Эсеналиевич, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы;

Мамасейитов Акылбек Садырбекович, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы;

Жуманазаров Маматазим Осмонович, Ош областтык «Ош жаңырыгы» гезитинин башкы редактору.