Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту үй-бүлөдөгү зомбулуктун жаңы фактысын көзөмөлгө алды

12/06/2020 - 15:19

Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бүгүн социалдык тармактарда тарап,  Кыргызстандын бир катар маалымат агенттиктеринде жарыяланган,  үй-бүлөдөгү зомбулук  фактысы көрсөтүлгөн видеотасмадагы окуяны көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Тактап айтканда, эркек аялдын (болжолу үй-бүлө) моюнуна ичинде кирпич салынган дөңгөлөк байлап, үстүнөн ылдый чакалап суу чачып жана башка-көзгө ургулап жаткан видео жөнүндө сөз болуп жатат.

Көп өтпөй, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К. Базарбаева, уюлдук телефондун камерасына тартылган видео 2020-жылдын 8-июнунда Сузак районунун айылдардын биринде болгонун билдирди.  11-июндан кийин  жабыр тарткан аял (М.Д. 1973 ж.т.) Сузак районунун РИИБне арыз менен кайрылган. Ага күйөөсү зомбулук көрсөткөнү белгилүү болуп, (Б.З. 1969 ж.т.), бул окуя Сузак РИИБдин КЖБРне “Жоруктар жөнүндө кодексинин” 75-беренесине ылайык ( үй-бүлөдөгү зомбулук) катталып, бирок тиешелүү материалдар топтолгон соң КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуу, кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Учурда аялдын күйөөсү М.Д.  Сузак районунун  РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул иш Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө.