Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери Чүй облусунун УКЖ жана Токмок шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгын текшеришти

28/10/2020 - 11:14

2020-жылдын 22-октябрынан 23-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М. Карабаева, ушул эле кеңсенин эксперти У. Абдымомунов жана “Голос Свобода” КФнун кызматкери Б.Ботобеков Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын  УКЖын  “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары” жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген ченемдердин сакталышына жана “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин” эрежелеринин сакталышына мониторинг жүргүзүштү.  Бул мониторинг Сокулук, Москва, Жайыл, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун ички иштер бөлүмдөрүндө  жана Токмок шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын ички иштер бөлүмдөрүндө  жүргүзүлдү.

 Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө УКЖда кармалган адамдар менен материалдык-тиричилик, медициналык жана санитардык камсыздоо, ошондой эле  УКЖ администрациясынын алар менен өз ара мамилелеринин тартиби жөнүндө купуя сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мындан тышкары, зарыл болгон учурда шашылыш чараларды көрүү үчүн дене табын өлчөөчү контактсыз аппараттын  жардамы менен кармалгандардын дене табы өлчөндү.

 Кармалгандардан УКЖ администрациясынын аракеттерине эч кандай даттануулар болгон жок. Токмоктогу УКЖ кызматкерлери  кармалган адамдарды китептер жана гезиттер менен камсыз кылышат, бул  көрүнүштү мониторинг кылган тобу  жабык жайда  позитивдүү моралдык-психологиялык абалды сактоонун жакшы мисалы деп баалашты.

Медициналык кызматкер тарабынан оору ырасталса, бейтаптар оорунун андан ары жайылышына жол бербөө жана керектүү дарылоону жүргүзүү үчүн өзүнчө камерада изоляцияда болушат. Дене табы 37 градустан ашкан камакта жаткан эки адам үчүн ысытманын себептерин толук аныктоо үчүн “Тез жардам” кызматы чакырылган.

Кармалгандарга тамак-аш күнүнө бир жолу берилет, бул ден-соолукту чыңдоо үчүн жетишсиз. Администрациядан билдиришкендей, кармалгандарга алардын туугандары да тамак бердиртишет. Соттолгондордун, айыпталуучулардын жана кылмыш жасаган деп шектелгендердин күнүмдүк суткалык үлүшү бири-биринен айырмаланбайт, ошол эле учурда бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын суткалык үлүшүнүн ченемдерин, алмаштыруу ченемдерин, суткалык үлүштүн ченемдерин колдонуу жана алмаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө”токтомунун талаптарына жооп бербейт. (08.02.2008-ж тартып №42, 24.09.2018-жылы редакцияланган № 445).Соттолгон адамдын суткалык үлүшү  айыпталуучунун суткалык үлүшүнөн олуттуу айырмаланбайт.

Мындан тышкары, УКЖ болуу шарттарын бузуу фактыларын аныктоо максатында, мониторинг жүргүзүү учурунда кармалгандардын өздүк иштери текшерилди. Өздүк иштер мыйзам чегинде жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды, камакта жаткан адамдардын кармалган негиздерин тастыктаган документтер дагы бар. Бирок, айрым адамдар соттолгондон кийин деле УКЖда кармалып турушкан, анткени Бишкектеги ТИЗО-1 коронавируска карата тапшырган ПЦР тестирлөөнүн жыйынтыктарынын жоктугунан, ошондой эле 1-ТИЗОнун  ичи толуп кеткендигинен ал соттолгондорду кабыл албай жатышкан.

 Ошондой эле кылмыш иши каралып жатканына  байланыштуу сотто каттоодо турган адамдар 3 айдан ашык УКЖда жаткан фактылар дагы бар. Тактап айтканда, Ысык-Ата РИИБнин УКЖна мониторинг  жүргүзүү учурунда, анын ичинде ушул изолятордо 3 айдан ашык жаткан 12 кармалган адам болгон. Бул факт боюнча, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун мониторинг жүргүзгөн  тобу тарабынан тиешелүү Акты түзүлдү. Ысык-Ата районунун Ички иштер башкармалыгынын УКЖнын  улук инспектору А. Өзүбеков бул мыйзам бузууларды аталган адамдар Бишкектеги №1 ТИЗОго жеткирилип барганын, бирок  барышкан менен   Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында жарыяланган карантинге байланыштуу  аларды кабыл алышпаганын маалымдады.

Дагы бир УКЖда - Жайыл районунун Ички иштер башкармалыгында кармалган эки адамдын өздүк иштеринде аларды кармоонун негиздери (сот актылары) жок экендиги аныкталды. Бул фактылар боюнча дагы тиешелүү Акты түзүлдү.  Мониторинг учурунда изолятордун жооптуу адамы соттон камакка алынгандардын өздүк делолоруна жетишпеген  соттук актыларды соттон сурап, документтерге кошуп тиркеди. Ошол эле учурда, байкоочу топ И.А. аттуу жарандын кармалышынын мыйзамдуулугуна күмөн санашкан, буга байланыштуу ал адамга карата баш коргоо чарасын узартууга байланыштуу сот актыларын кошумча изилдөө жүргүзүлүп, андан кийин тиешелүү чечим кабыл алынат.

Мындан тышкары, кармалгандарды медициналык кароодон өткөргөн медициналык мекемелердин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген (2020-жылдын 24-мартындагы № 190 буйрук) камакка алынган адамдарды медициналык кароодон өткөрүүнүн жаңы бирдиктүү формасын ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенге чейин колдонушпагандыгы мониторинг жүргүзүү учурунда аныкталды.

Жогоруда айтылган эки күндүк мониторингдин жыйынтыгы боюнча УКЖ администрациясына төмөнкү сунуштар берилди:

1. УКЖда  ооруну өз убагында аныктоо үчүн кармалгандардын дене табын күн сайын өлчөө;

2. Кармалгандардан ден соолугунун начардыгы (оорусу) жөнүндө арыздар түшкөн учурда, алар үчүн “Тез жардам” кызматын дароо кечиктирбей чакыруу;

3. Камералардагы күнүмдүк нымдуу тазалоо иштерин көзөмөлдөө;

4. Ичүүчү суу менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу (кайнатылган, ысык);

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген  “Эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын суткалык үлүшүнүн нормаларын, алмаштыруу нормаларын, суткалык үлүштүн нормаларын колдонуу жана алмаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомунун “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түрмөлөрүндө кармалган соттолгон адамдардын суткалык үлүшүнүн” №3 нормасына жооп берген тамак-аш маселесин чечүү:

6. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнө ылайык, камактагылардын жазасын андан ары өтөөсү үчүн Бишкек шаарындагы №1ТИЗОго тез арада которуу маселеси чечүү;

7. Кармалган адамдарды УКЖга убактылуу кармоочу жайына жайгаштырганга чейин аларды медициналык кароодон өткөрүү формасы жок болгондо, кармалгандарды кабыл албоо;

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери  мониторинг жүргүзүүнү улантышат жана мыйзамдуу укуктары бузулган учурда жарандардан өкүлчүлүккө кайрылууну суранышат.