Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты: №1 ТИЗО кызматкерлери өз милдеттерин одоно бузгандыгы үчүн жоопко тартылышы керек

22/07/2020 - 11:17

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери соттолуучу Эмилбек Кимсановдун №1 ТИЗОдо сабалышына байланыштуу жагдайларды тактоо боюнча иштерди жүргүзүштү. Кимсанов өзүнүн сабалганы боюнча Акыйкатчы (Омбудсмен) менен жеке жолугушуусунда билдирген.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгынын башчысы И. Убайдуллаев Э. Кимсановду сабоо фактысы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталгандыгын жана кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тергөө кызматына жөнөтүлгөнүн айтты. Жогоруда айтылган И.Убайдуллаев, шектүүнүн адвокаты Н.Сүйүнбаева жана КРӨ караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси Т.Нуралиев, ТИЗО-1де соттолуучу Э.Кимсанов сабалды деген маалыматты укканда, аны барып көрүшкөн. Бирок, адвокат Н.Сүйүнбаеванын айтымында, ЖАМК өкүлдөрү Э. Кимсановду тергөө изоляторунун кызматкерлери эмес, атайын контингент сабашкан деп айтууда.

 Анда мындай суроо пайда болот: атайын контингент бир зонадан экинчисине кантип жетип, андан ары Э. Кимсанов бекитилип камалган камерага кантип кирип, аны сабап салат? Эгерде ЖАМК өкүлдөрүнө ишенсеңиз, анда бул мекемеде эч кандай тартип жок, атайын режимди жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тиешелүү режимди жөнгө салуучу эрежелерди жана көрсөтмөлөрдү буза берсе болот экен.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты Э.Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаеванын абактын кызматкерлери соттолуучу Э.Кимсановду сабоого түздөн-түз катышпаса дагы, агрессивдүү контингенттин ага киришине жол бергени- бул кызматтык милдетти түздөн-түз жана одоно түрдө бузууга кирет, Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги күнөөлүүлөрдү административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө тиешелүү чечимин кабыл алышы керек-деген пикирин колдойт.

Республиканын пенитенциардык тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча атайын прокурор, жогорудагыдай мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө жана белгиленген эрежелерди так сактоого багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигинин иш-аракеттерин жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ведомстволук мекемелеринде коопсуздукту жана тартипти көзөмөлдөөгө милдеттүү.