Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты кыйноолор боюнча дагы бир арызды көзөмөлгө алды

22/05/2020 - 16:45

2020-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратынын тиешелүү бөлүмүнүн кызматкерлери, иниси  О.У.нын кызыкчылыгында  кайрылган О.Ч арызы боюнча, Бишкек шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына тез арада алдын-ала барууну уюштурушкан. Мониторинг тобуна Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкери жана  «Голос свободы» коомдук фондунун эксперти жана терапевт- дарыгери кирди.

Ыкчам иш-сапарына барган учурда О.У. баш коргоо чарасын тандоо үчүн сотко алып кетилген эле.  Эксперттер тобу камалгандын жеке делосу, медициналык тастыктамасы, УКЖ журналындагы медициналык кагаздары менен таанышышты (кабыл аларда фельдшер , О.У. моюнунда, оң жагындагы далысында, чыканагында, аркасында, кабырга тарабында жана сол жагындагы чыканак тарабында канталаган, көк ала тактары кагазына жазган (диогноз коюлган)). О.У.нын айтымында, бул жаракаттар аны кармаган мезгилде келтирилген.

2020-жылдын 20-майында кармалган О.У. «Голос свободы» коомдук фондунун жактоочусу менен жолукту. Жактоочу  менен кеңешкенден кийин О.У. Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасына арыз жазып, ал  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ошондой эле, О.У. соттук-медициналык экспертизадан өтүү боюнча токтом берилип, аталган экспертизадан ошол эле күнү өткөрүлдү.

 Кечээ, 2020-жылдын 21-майында Стамбул протоколунун жоболоруна ылайык, О.У. «Голос свободы» коомдук фондунун врачы Н. Сибирякова тарабынан текшерилди. Фонддун жактоочусу кыйноолор боюнча айыптоолорду укуктук жактан камсыз кылат.

Бул иш Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын тиешелүү бөлүмүнүн көзөмөлүндө.