Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Элчиси Н.Удовиченко Атыр Абдрахматованы КР Акыйкатчысы кызматына шайланганы менен куттуктады

10/03/2022 - 17:26

Бүгүн, 2022-жылдын 10-мартында КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Кыргыз Республикасындагы РФ Элчилигинин Кеңешчиси В.Харченко менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Виктор Харченко  Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Элчиси Николай Удовиченконун куттуктоо катын Атыр Абдрахматовага тапшырды, куттуктоо анын Акыйкатчы кызмат ордуна шайланышына байланыштуу жолдонгон эле.

«Урматтуу Атыр Болотбековна, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызмат ордуна шайланышыңызга байланыштуу менин чын пейилден куттуктоолорумду кабыл алып коюңуз!Мындай жогорку жана жооптуу кызмат ордундагы Сиздин ишмердигиңиз Кыргызстанда жалпы жарандык бейпилдик жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоого шарт түзөөрүнө ишеним билдирем»

Урматтуу Атыр Болотбековна, Сизге бекем ден соолук, жыргалчылык жана бардык жакшылыктарды каалайм!”, - деп жазылган бул куттуктоо катта.  

Андан кийин Атыр Абдрахматова жана Виктор Харченко Россия Федерациясында жүргөн биздин мигранттарыбыздын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулашты, ошондой эле андан ары кызматташуу пландары белгиленди.