Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Омбудсмендери онлайн жолугушту

14/07/2022 - 12:55

2022-жылы 13-июлда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен видео жолугушуусу өттү.

Жолугушууда көп тараптуу жана эки тараптуу өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. Балдардын укуктарына жана кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы россиялык кесиптештерине Россия Федерациясында жүргөн мигранттардын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо маселелерин ыкчам чечүү үчүн Россия Федерациясынын ар кайсы аймактарында иштеген Кыргызстан Акыйкатчысынын коомдук жардамчылары менен тыгыз байланыш түзүү сунушу колдоого алынды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызматташтыкты бекемдөө үчүн алдыдагы жолугушуулар боюнча күн тартибин белгилешти.