Кыдырып консультация берүүнүн натыйжасында чек арага жакын айылдык аймактарда жашаган жаштардын суроо-талаптары аныкталды

25/06/2019 - 15:48

27-майдан 1-июнга чейин Жалал-Абад (Кербен, Кашка-Суу, Көк-Серек), Ош (Кара-Суу, Кашгар-Кыштак, Тепе-Коргон) жана Баткен (Суу-Баши, Айдаркен, Бирлик) облустарында жаштардын, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн жана «юридикалык клиникалардын» консультациялык жолугушуулары өттү, анын максаты Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан, белгиленген айыл аймактарында жашаган жаш эркектер менен аялдардын ортосунда укуктук маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнө болгон талаптарды жана көйгөйлөрдү иликтеп чыгуу болгон.

Аталган жолугушууларга чек аралардагы айылдардын 347 жашоочулары, Президенттин аппаратынын жарандардын кайрылуулары боюнча иш алып барган бөлүмүнүн, Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын акттарын каттоо департаментинин эксперттери, Акыйкатчы институтунун аймактык өкүлчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамдарды жөнгө салуу борборунун юристтери катышышты.

Жолугушууларга болгон талдоолор көрсөткөндөй, жаштар тарабынан берилген суроолордун көпчүлүгү жарандыкты алуу, аскер кызматына чакыруу, жарандык абалдардын акттарын каттоо, жерге байланыштуу маселелерди чечүү, билим берүүнүн сапаты, калкка консультациялык укуктук жардам көрсөтүүдө мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна болгон кайрылуулар менен даттанууларды берүүнүн тартибине байланыштуу болду.

Аныкталган суроо-талаптардын негизинде «юридикалык клиникалардын» өкүлдөрү чек арадагы айылдык аймактардын жашоочуларына арыздарды, дооматтарды жана башка документтерди жазуу боюнча юридикалык жана башка консультациялык жардамдарды көрсөтүштү. Ошондой эле белгиленген айыл аймактарынын жашоочулары, ЖӨБ жана мамлекеттик башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн жогоруда келтирилген маселелер жана көйгөйлөр боюнча тиешелүү окууларды дагы өткөрүү пландалды.

Консультациялык жолугушуулар БУУнун Тынчтыкты куруу фонду тарабынан каржыланып, (UNDP/UNICEF/UNFPA) «Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаштарынын ынтымагын жана кызматташтыгын жакшыртуу» долбоорунун алкагында өттү.