Кургак учук жугузган жоокерлер боюнча 2 кызмат адамы кызматынан төмөндөтүлдү, 7 кызмат адамы дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды

03/05/2021 - 15:59

“Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүнүн 15 жоокери кургак учук менен ооруйт. Аларды дарыгерлер текшеришкенде бардык аскер кызматкерлеринде кургак учуктун жабык түрү бар болуп чыккан»-деген маалыматты интернет-сайттарда жазылганын окуган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырма берип, атайын топ уюштурулуп, медициналык кызматынын адиси менен биргеликте айтылган фактыларды текшерүү үчүн жеринде мониторинг жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө биздин кызматкерлер дарылануу шарттары менен таанышып, жоокерлерден, ошондой эле оорукананын жетекчилигинен алардын көйгөйлөрү жана муктаждыктары жөнүндө сурашты. Оорукананын жетекчилигинен же аскер кызматкерлеринен эч кандай арыз жана билдирүү болгон эмес.

Ал эми интернет-сайттарга чыккан жогорудагы маалымат боюнча, КР Акыйкатчысы КР премьер-министри Улукбек Мариповго кайрылуу катын жолдогон. Кайрылууда Акыйкатчы, Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө" мыйзамына ылайык, жарандар аскер кызматчыларынын статусун аскерге чакырылган күндөн баштап (ыктыярдуу негизде жана келишим боюнча кабыл алынат) аскердик кызматка же аскерге чакырууга алышат. Демек, буга чейин жарандарды армияга чакыруу учурунан тартып, мамлекеттин аскер кызматкерлеринин ден-соолугун жана өмүрүн коргоону камсыз кылуу боюнча алгылыктуу милдеттенмелери бар экенин, ден-соолукту сактоо жана чыңдоо үчүн аскер бөлүгүндөгү аскер кызматчыларынын физикалык жактан өнүгүшү үчүн анын командири жана орун басарлары жооптуу, алар санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы жана дарылоо-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшү керек экендигин белгилеп, аскерлерден табылган оорунун себептерин изилдөө боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Коргоо министрлигинин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы кеңсесин курамына киргизүү менен комиссия түзүүнү, комиссиянын жыйынтыктоочу материалдарын укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүүнү суранган сунуш берген.

Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы менен Аскердик прокуратура текшерүү жүргүзүп, аталган аскердик бөлүктө кургак учук менен ооруган 28 аскер аныкталган.

Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан 2021-жылдын 16-мартында бул факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 331 беренесинин 1-бөлүгү (шалаакылык) деп катталып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн тергөөчүлөр тобуна тапшырылган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын командасы менен Кыргыз Республикасынын Аба күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын жооптуу кызматкерлери тарабынан кабыл алуунун аскер кызматкерлеринин арасында оорунун андан ары жайылышына жол бербөө үчүн, тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

Буга байланыштуу Аскер прокуратурасы 2021-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын командачылыгына кайрылып, мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуш киргизген, натыйжада Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин буйругу менен, кетирилген мыйзам бузуулар үчүн, 2 кызмат адамы кызматынан төмөндөтүлдү, ошондой эле 7 кызмат адамы, башка дисциплинардык жоопкерчиликке тартылышты жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн офицерлеринин Бишкек гарнизонунун аскер командирлигиндеги гарнизондук жана күзөт кызматы токтотулду.

Ошондой эле, Аскер прокуратурасы тергөө тобун тартуу менен аскер кызматкерлеринин ата-энелери жана туугандары менен жолугушуу уюштурду, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын командачылыгы менен жолугушуусу болуп өттү, ал жерде жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чаралары жөнүндө түшүндүрүлдү, ошондой эле дарылоо процесси, кошумча тамактануу, кийинки кызмат өтөөсү ж.б.у.с суроолорго тиешелүү жоопторду берди.

Ал эми Коргоо министрлиги тарабынан аталган жоокерлерге кошумча жогорку колориялуу тамактануу уюштурулду. Ошондой эле жыл сайынкы медициналык кароонун жыйынтыгы боюнча жеке курамга динамикалык мониторинги жүргүзүлөт, а аскер бөлүктөрүндө санитардык-гигиеналык абалга милдеттүү мониторинг жүргүзүлүп турат.