КРнын Акыйкатчысынын өкүлчүлүгү Ош шаарынын мэриясынын алдындагы “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борбору” менен биргеликте “Ачык эшик күнү" өткөрүштү

21/02/2022 - 16:34

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тарабынан жарыяланган балдардын укугун коргоонун бир айлыгынын алкагында КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү 2022-жылдын 17-февраль күнү Ош шаарынын мэриясынын алдындагы “Үй-бүлөгө жапна балдарга жардам берүү борбору” менен биргеликте “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү.

Иш-чарага КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Ош шаардык мэриянын жана социалдык тармактын кызматкерлери катышып, жолугушууда үй-бүлөнүн жана балдардын укуктарын коргоо боюнча суроолорго жооп беришти жана катышуучуларга брошюралар таркатылды.