КРнын Акыйкатчы аппараты кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

14/10/2022 - 16:01

Кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс 2021-жылдын 21-октябрындагы №125 Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 16-беренесинин, 2008-жылдын 4-августундагы № 184 Кыргыз Республикасынын «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесинин, 2008-жылдын 3-апрелиндеги №38 Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык жүргүзүлөт.

Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

1) администрациялык кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:

- Жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

2) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

- Жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стажы, же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

3) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

- Жогорку билим;

- Иш стажы талап кылынбайт.

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

Жалпы мыйзамды билүү:

Башкы административдик кызмат орундарынын тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

4. "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

5. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

6. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

7. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы

8. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

9. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Улук административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;;

2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди өткөрүү керек:

– өз арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баян (соттуулуктун бар же жоктугун көрсөтүү менен);

– негизги жана кошумча билимди тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү, (эгер болсо), нотариалдык же соңку иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлүшү керек;

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштеген стажы бар болсо), нотариалдык же соңку иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлүшү керек;

– окумуштуулук даража же окумуштуулук наам берилгени жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

–паспорттун көчүрмөсү.

Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 12-октябрынан 31-октябрь күнү кошулуп жүргүзүлөт. Дареги: Бишкек ш., Тыныстанов көчөсү 120, 207-кабинет, тел.: 663297.