КР Жогорку сотунун Сот департаментинде сот приставдарына 3 жылдан бери класстык чендер ыйгарылбай келет

30/12/2021 - 11:00

КР Акыйкатчы аппаратынын №115 Шыр байланыш номерине сот приставдарынын өкүлүнөн телефон чалуу келип түштү. Телефон менен сүйлөшүүдө өзүн сот приставы деп тааныштырган кызматкер үч жылдан бери сот приставдарына тиешелүү класстык чендер ыйгарылбай жатканына даттанган, мында КР Жогорку сотунун Сот департаментинин жетекчилиги  “Сот тутумунун кызматкерлерине атайын класстык чендерди ыйгаруу жөнүндө” Жободо сот приставдары тууралуу ченемдин жоктугуна шылтоолошот. 

Белгилеп коюу керек, “Сот приставдары жөнүндө” (2016-жыл 5-августтагы №164 )КР Мыйзамынын 1-беренесинин 7-пунктунда “Сот приставына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын атайын класстык чендери ыйгарылат”,-деп жазылган.

Ошондой эле белгилеп коюу керек, “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” (1999-жылдын 6-апрели № 35) КР Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Сот департаментинин кызматкерлерине атайын класстык чендер ыйгарылат деген ченем бар.

КР Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын эксперттеринин пикиринде, эгер тиешелүү мыйзамдарда сот приставдарына КР мамлекеттик кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын класттык чен тууралуу ченем болсо, ал эми Жободо жок болсо, анда “Кыргыз Республикасынын сотторунун аппараттарынын               мамлекеттик кызматчыларына атайын класстык                   чендерди берүүнүн тартиби жонундөгү  (2004-жылдын 8-апрелиндеги №132) Жобого толуктоо киргизүүнү демилгелөө зарыл.

Ошондой эле, Акыйкатчы Институту "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" (2009-жылдын 20-июлундагы № 241) Мыйзамынын 6-беренесинин  2-бөлүгүнө ылайык,  ченемдик укуктук акт өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга каршы келбеши керек.

Анткени Мыйзам юридикалык күчүнүн деңгээли боюнчага Жободон жогору турат.

Бул конкреттүү учурда Сот приставдары жөнүндө” (2016-жыл 5-августтагы №164 )КР Мыйзамында жана , “Сот приставдары жөнүндө” КР мыйзамдарында сот приставдарынаатайын класстык чен ыйгарылышы керек деген ченем бар.

КР Акыйкатчысынын №115 Шыр байланыш кызматына келип түшкөн бул оозеки кайрылуу Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын өзгөчө көзөмөлүндө турат, анткени анда бир катар сот приставдарынын эмгек укуктарынын бузулуулары тууралуу сигнал бар.