КР Жогорку Кеңеши Г.Жамгырчиеваны Акыйкатчынын орун басары кызмат ордуна кайрадан шайлады
Жогорку Кеңеш жыйынында Жамгырчиева Гүлнара Оморовна депутаттардын басымдуу добушу менен кайрадан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары кызмат ордуна шайланды. Ал 2015-жылдан бери ушул кызмат ордунда иштеп келген. Беш жылдык ыйгарым укуктары аяктаганына байланыштуу, ал экинчи мөөнөткө кайра шайланды.
Жогорку кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Гүлнара Жамгырчиеваны эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.
Гүлнара Жамгырчиева 57 жашта. Жогорку билимдүү, Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун Гидротехника факультетин инженер-гидротехник адистиги боюнча бүтүргөн. 2010-жылдан 2015-жылга чейин КР Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болгон. 2015-2020-жылга чейин КР Акыйкатчысынын орун басары кызмат ордунда эмгектенген.