КР Жазык кодексинин 205-беренеси менен айыпталган кош бойлуу аял Г.А.нын боюндагы баласы чарчап калды

20/10/2021 - 17:46

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) буга чейин Свердлов райондук сотуна жана Бишкек шаардык сотуна кайрылып, 1989-жылы туулган, учурда КР Жазык кодексинин 205-беренесинде каралган кылмыштарды  (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) өзгөчө ири өлчөмдө 47,9 млн.сом акча каражатын коротууда айыпталып 2 айга камакка алынган  Г.А. карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү маселесин карап көрүү өтүнүчү менен кайрылган эле.

Акыйкатчынын соттук эки инстанцияга кайрылуусуна негиз болуп, Г.А.  кош бойлуу, 5 жумалык боюнда бар жана бойдон түшүү коркунучу бар деген маалымкаты негиз болгон.

Белгилеп коюу керек, Г.А. кароосунда 2012-жылы туулган, жүрөк оорусу («ВПС. ДМПП. Умеренная дилятация  правых отделов сердца».) менен жабыркаган кызы бар, ошондой эле,  анын жолдошу Д.Б. да жүрөк оорусу менен жабыркайт,  2020-жылдын май айында инфарк-миокард оорусу менен ооруган, жүрөгүнө операция болгон. Гипертониялык дарттын жогорку тобокелчиликтеги  3-стадиясы менен жабыркайт.Оорусунун айынан азыркы учурда иштебейт.  

Бирок, жогорудагы жагдайлар эске алынбай, Г.А. карата баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калган эле.

2021-жылдын 14-октябрында №1 ТИЗОго кабыл алынаарда ал медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүлгөн, гинекологко консультацияга жана ультра диагностикалык изилдөөгө жөнөтүлгөн. Ультра-диагностикалык изилдөө Г.А. боюндагы түйүлдүк өспөй жатканын (б.а.) өлүп калганын аныктады. Ошол себептен ал 3-төрөт үйүнө жөнөтүлүп, ал жакта кош бойлуулугун үзгүлтүккө учуратып, операция жасалды.  Төрөт үйүндө 14-октябрдан 20-октябрга чейин жатты.  

Бөгөт коюу  чарасы №1 ТИЗОдо кармалуу белгиленген Г.А.нын учурдагы саламаттыгынын абалын эске алуу менен анын жолдошу Д.Б. КР Акыйкатчы аппаратына кайрадан кайрылып, Г.А. карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүүгө көмөк көрсөтүүнү сурап кайрылган.

Акыйкатчы институту ЖАМКга кайрылып, тергөөдөгү абактагы Г.А.га толук медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү, баласын жоготуп стресске туш болгон аялды невропатолог адистерге көрсөтүү зарылдыгын суранат.