КР Жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча Координациялык кеңештин жыйыны болду

21/06/2019 - 16:09

2019-жылдын 20-июлунда  “Сити-Хотелде” Кыргыз Республикасынын Координациялык кеңешинин мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Өкмөттүк эмес  жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда, КР Жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча Координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү.

Талкуунун жүрүшүндө “КР Кылмыш-жаза аткаруу системасынын реформасы” жана “Өнөр жай аянтчаларын кеңейтүү жана өнүктүрүү жолу менен Жаза аткаруу мамлекеттик мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдарды  ишке орноштуруу” аттуу баяндамалар окулду.

Иш-чарага Акыйкатчы аппаратынын Укук коргоо органдары тарабынан эркиндиги чектелген жайлардагы жана аскер кызматчыларынын укуктарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Колопов катышты. Катышуучулар 2018-2023ж.ж.  Кылмыш-жаза аткаруу системасынын стратегиясынын ишке ашыруу боюнча  «Жол картасынын» аткарылбаган пункттарына анализ кылуу, кылмыш-жаза аткаруу системасындагы кызматкерлерди квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба топтоо боюнча башка өлкөлөрдө окутууларды уюштуруу, экстремисттик мүнөздөгү жана террористтик багыттагы кылмаштар менен кармалгандар менен иштөө, өмүр бою эркинен ажырагандарды мындан ары кармоодогу көйгөйлүү маселелери жана экстремисттик мүнөздөгү жана террористтик багыттагы кылмыштар менен кармалгандарга карата психологиялык кызматты жакшыртуу иштери боюнча чечимин жактырышты.

Кийинки жыйын 2019-жылдын 13-сентярбына жана 15-ноябрына белгиленди. Күн тартибинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу мекемелеринин санитардык-эпидемиологиялык абалына караштуу маселелер, ошондой эле жаза аткаруу мекемелеринде жазасын өтөп жаткандарга баштапкы жана кесиптик окууларды өтүү маселелери каралмакчы.