КР сотторунда бир кылмыш иши төрт жарым жыл бою каралууда

15/12/2020 - 18:10

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) уулу Б.М. жана анын жарандык никедеги аялы Ж.М. иши боюнча И.К. аттуу жаран кайрылды. Ал маалымдагандай, 2014-жылдын 10-декабрында Аламүдүн районунун Ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери анын уулу Б.М. кыйноо жолу менен З-в  аттуу жаранды (Ж.М. жакын тууганын) өлтүргөндүгүн моюнуна алдырышкан. З.нын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинде уулу Б.М. соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Ал эми  уулун кыйнаган жана катаал мамиле жасаган  милиция кызматкерлери К.Э., А.У. жана М.А.га карата иши козголуп, бирок ал Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 4,5 жылдан бери жылбай турат. Бул ишти азыр бешинчи судья карап жатат. 1-син-Аламүдүн райондук соту Зикиров. Калган төртөөсү  Бишкек ш. Свердлов райондук сотунун судьялары карап жатышат, бирок өкүм чыга элек-деди И.К.

Ал белгилегендей, тергөө стадиясында кылмыш иши 2 жыл 1 айдан ашкан (2014-жылдын 14-декабрынан 2016-жылдын 20-январына чейин). 2016-жылдын 3-февралынан 2017-жылдын 9-мартына чейинки мезгилде (1 жыл 1 айдын ичинде) Чүй облусунун Аламүдүн сотунун өндүрүшүндө Аламүдүн РИИБ ыкчам кызматкерлерине карата кылмыш иши (КИ 376-16, 1-бөлүк) ( судья Зикиров А.К. .) каралды.

2017-жылдын 13-июнунан бүгүнкү күнгө чейин (3 жыл 5 ай ичинде), Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун өндүрүшүндө, б.а. бул кылмыш иши төрт жарым жылдан бери созудугуп, чечим кабыл алынбай  келет. (Анын ичинен 8 ай (жүйөлүү себептер менен) Б.М.нын ооруп жаткандыгына жана экспертизага байланыштуу кылмыш ишин кароо токтото турулган).

Сот органдары менен иштөө жана сот процесстерине мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн (КР Акыйкатчысынын Аппараты) кызматкерлери бул кылмыш ишин кароо үчүн сот отурумдарына мониторинг жүргүзүшөт.