КР Өкмөтүнө караштуу ЭККК кызматында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышат

26/10/2020 - 11:26

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын атына С.Д. аттуу жарандын атынан ички иштер органдарынын кызмат адамдарынын алдамчылык фактысы боюнча тергөө органдарынын аракетсиздигине байланыштуу арыз келип түшкөн.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан ушул маселеге байланыштуу материалдарды изилдөөнүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан №150-ХХ-ХХ  кылмыш белгилери боюнча,  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304- бер, 2- бөл. 306- бер. 1- бөл. (1997-ж. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)  Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын айрым кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча  кылмыш иши козголгону аныкталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш процесстерди Бишкек шаарындагы ЭККК кызматынын тергөө бөлүмү жүргүзүүдө.

Арыздануучу С.Д., өзүн жогоруда айтылган кылмыш ишинде жабырлануучу деп эсептеп, 2020-жылдын 28-январында Бишкек шаарындагы ЭКККке аны жабырлануучу деп табуу жөнүндө арыз менен кайрылган, бирок көп убакыт бою бул боюнча бир нече жолу кайрылганына карабастан, тиешелүү процессуалдык чечимди ала алган эмес.

Тиешелүү иштерди жүргүзгөндөн кийин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 125 жана 126-беренелеринин талаптары сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн кызмат адамы тарабынан бузулган деген бүтүмгө келишти, анткени арыз жазылгандан кийин дароо каралып, чечилиши керек. Өтүнмө боюнча токтоосуз чечим кабыл алуу мүмкүн болбогон учурларда, ал келип түшкөн күндөн тартып 3 күндөн кечиктирилбестен чечилиши керек. Өтүнүчтү канааттандыруудан толук же жарым-жартылай баш тартылса, тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор жана судья ал боюнча  токтом чыгарып, ал эми сот аныктама чыгарып, ал мындай өтүнүч менен кайрылган адамга жеткирилүүгө тийиш. Ошондой эле, Акыйкатчы аппараты арыз ээси кызмат адамынын чечимине каршы даттануу укугунан мыйзамсыз ажыратылган деп эсептейт.

Жогоруда айтылгандардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренесин жетекчиликке алып жана  "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө"  КР мыйзамынын 8, 8-2, 10, 12- беренелерине ылайык, Токон Мамытов Бишкек шаарынын прокуратурасына  №150-XX-ХХХ кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жаткан ЭККК кызматынын  тергөө бөлүмүнүн кызмат адамына карата тартиптик өндүрүш козгоп,  жол берилген мыйзам бузуулар үчүн тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө суранып кайрылган .

Катка  Бишкек шаарынын прокуратурасына жазуу жүзүндө жооп келип түшкөн, анда 2018-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан  КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү. 306-берененин. 1- бөлүгүндө боюнча каралган кылмыш белгилери боюнча №150-xx-xxx  кылмыш иши козголгону айтылат.

Тактап айтканда, ФГО ИИББ  башчысы У.Ж. ыйгарым укуктарын талаптагыдай эмес  колдонуп,  Горький көчөсүндө жайгашкан “ТЭК”  ЖЧКсынын жер тилкесин өткөрүп берүү жөнүндө келишимге кол койуп,  ошол эле учурда "ТЭК" ЖЧКсына айып төлөөчү унаа токтотуучу жайды уюштуруп,  5 (беш) жылдык мөөнөткө эч кандай милдеттенмесиз жана тиешелүү төлөмдөрсүз жер тилкесин берген.  Ошентип, биринчи кол коюу укугуна ээ У.Ж. кызмат адамы болуп туруп, кызматка болгон кайдыгер мамилеси менен, шалаакылыкка жол койгон. Натыйжада, мамлекеттин кызыкчылыгына олуттуу зыян келтирилген, бул адистештирилген унаа токтоочу жайдын  иштөөсү узак убакытка чейин үзгүлтүккө учураган.

Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында, тергөөгө чейинки тергөө иш-чараларынын алкагында ИИББ Финансы чарба бөлүмүнүн башчысы У.Ж. га  кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билдирилип,  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 331-бер. 1-бөл. караштуу айыптоо корутундусу бекитилгенден кийин, кылмыш иши Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна маңызы боюнча кароо үчүн жиберилген.

Ушул жылдын 26-сентябры сотко чейинки өндүрүштөн № 03-301-хххх-хххххх материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган, бул материал 2020-жылдын 2-октябрында КЖБР  каттоосунда No 03-301-хххх-хххххх  болуп катталган.

Сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда, 2020-жылдын 28-январында С.Д. аттуу жарандан аны ушул иш боюнча жабырлануучу деп табуу жөнүндө арыз келип түшкөн. Бирок, тергөөчү Т.Р. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен, кайрылууга жооп жиберген эмес жана ал боюнча чечим кабыл алган эмес.

 Кыргыз Республикасынын "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамынын 4-бер. Кыргыз Республикасында ар бир жаран жеке өзү же өзүнүн өкүлү аркылуу мамлекеттик органдарга жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу, алар  мыйзамда белгиленген мөөнөттө жүйөлүү жооп алууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 125-беренесине ылайык (2017-жылдагы редакцисында) сотко чейинки же соттук өндүрүшүнүн жүрүшүндө укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары козголгон жабырлануучу тергөө органдарына жана тергөөчүгө процесстик иш-аракеттерди жүргүзүү же процесстик чечимдерди кабыл алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 126-беренесинин. 2 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык- Өтүнмө билдирилгенден кийин токтоосуз кароого жана чечилүүгө тийиш. Өтүнмө боюнча чечимди тез арада кабыл алуу мүмкүн болбогон учурда, ал билдирилген күндөн тартып 3 суткадан кечиктирилбестен чечилүүгө тийиш (2-бөл), өтүнмөнү канааттандыруудан толук же жарым-жартылай баш тартуу жөнүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья - токтом, ал эми сот - аныктама чыгарып, ал өтүнмө билдирген адамга жеткирилет.

Бирок, ЭККККнын Бишкек шаардык Тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жана “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын көрсөтүлгөн талаптарын бузуу менен 7 айдан кийин, б.а. 2020-жылдын 3-октябрында гана жаран С.Д.ны № 03-301-2020-хххххх сотко чейинки процесстин жабырлануучусу деп таануу жөнүндө токтом чыгарган. 

2020-жылдын 19-октябрында Бишкек шаарынын прокуратурасы  КРӨнүн алдындагы ЭКККнын башчысынын атына Бишкек шаары боюнча ЭККК тергөөчүсү Т.Р.ны тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама киргизген.