КР ӨКМ Акыйкатчынын сунуштарын адамдардын тагдырына кайдыгерлик жана көңүл коштук менен аткарган
2018-жылдагы КР Акыйкатчысынын Жылдык баяндамасында Табалдиева С.С. аттуу жаранга жана анын үй-бүлөсүнө, Бишкектин борборунда “Ихлас” курулуш компаниясы курган үй натыйжада жараксыз деп табылганына байланыштуу убактылуу жашай турган ысык-суукту өткөрбөй турган контейнер бөлүп берүү сунушу берилгени жазылган.
Жакында эле С. Табалдиева Акыйкатчыга кайрадан кайрылып, ӨКМ берген контейнер жараксыз, ал жака адам жашамак турсун жада калса кийим-кечелерди сактаса болбой турган абалда экенин айтты. Себеби, күз, жаз айларындагы жаан-чачын учурунда чатырдан суу кирет, ал эми жайында күн катуу ысыгандыктан, күн нурунан коргоолого да мүмкүн эмес. Албетте, мындай турак жайда жылдын төрт мезгилинде тең жашоого мүмкүн эмес.
Ошентип, КР ӨКМ тарабынан Табалдиева С.С. жаранга жана анын үй-бүлөсүнө ысык-суукту өткөрбөй турган контейнер көңүл коштук жана кайдыгерлик менен берилип, министрлик КР Акыйкатчысынын сунушун аткарган эмес.