КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына карата арыздануу болду

12/07/2019 - 12:30

Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратына КР жараны Л.В. КР Коргоо министлигинин №98498 аскердик бөлүгүндөгү командир анын аскер статусун кемсинтип, аскер кызматынан мыйзамсыз бошотконун айтып, конституциялык укугун коргоп, пенсия менен камсыз болууга жардам сурап кайрылды.

Атап айтканда, ал 2000 ж., 25-августта КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин буйругу менен запаска делип, кызматынан бошогону боюнча таанышкан эместигин билдирди. Л.В пикиринде КР мыйзамдарына ылайык, аталган буйрук акыркы эмес болучу. Ошондой эле арыздануучу КР КМ №98498 а/б командиринин тарабынан аны 50 жашында кызматынан четтетип туура эмес кылганын айтат.

2000 ж., 30-августунда мен кызматтык иш боюнча Көзөмөл пунктунан тышкары өткөм, кайрадан артка келгенимде эч түшүндүрмүсү, себеби жок командирдин буйругу деп киргизбей коюшкан-деди Л.В.

Буга байланыштуу 2000-ж сентябрдын башында Л.В. КР Аскер прокуратурасына арыз менен кайрылган, бирок арыздануучу айткандай, ал жактан КР мыйзамдарына ылайык, чараларды жана иш-аракеттерди аскер прокурору көргөн эмес. Көптөгөн арыз-даттануулардын жыйынтыгында гана 2002-жылы январь айында Аскер прокуратурасынын орун басары К. Өмүрбековдон Бишкек гарнизонунун аскер прокурору Р. Маженовго каайрылуу керектигин айткан жооп кат келген.

Р. Маженовдун атына Л.В. кат жазып анын дарегине жиберген. Р. Маженов өзүнүн жообунда, эч кандай номерге негиз кылбастан жана бошотулган боюнча буйруктун датасын көрсөтпөстөн, аскер прокуратурасы “Л.В. башында аскер кызматына жашына ылайык алынбагандыктан”, буйрукту жокко чыгара албай турганын жазган.

Л.В. Р. Маженовдун жообун алгандан кийин, КР Аскер прокурорунун наамына арыз жазган. Кайрадан эле аскер прокурорунун орун басарынын атынан “Коргоо министринин сержанты Л.В. кызматтан бошотуу боюнча 2000-жылы 2-августта чыккан буйругу нааразы болгонго жатпайт”-деген жооп келип, анда “сержант “Аялдар аскер кызматында” токтомунун 4 пунктунун (4 пункт 50 жаштагы аскер аялдары мыйзамда көрсөтүлгөндөй кызматтан бошойт: Б пункт 62 кызмат курагынын чегине жеткендигин байланыштуу кызматынан бошотуу) Б 62 пунктчасынын негизинде КМ 02.05.2000г., №100 буйрук менен иштен четтетилген. Көрсөтүлгөн пункттар жана токтом мыйзамдуу”-деп жазылган.

 К. Өмүрбеков бул чечимди кийин кайрадан карап чыгып КК Башкы штабынын начальнигине Л.В. кызматтан бошотуу боюнча арызы менен таанышпагандыгын белгилеп, мыйзам бузууларды калыбына келтирүү боюнча сунуш берген. Бирок, ушу күнгө чейин Башкы прокурордун чечими аткарылган эмес.

К. Өмүрбекованын башында Л.В. кызматтан бошотулуусу мыйзамдуу деген чечими сотко арыз жазганга түрткү берип, Л.В. өзүнүн конституциялык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн соттордун инстанцияларын басып өткөн. К. Өмүрбекованын “Л.В. иши боюнча мыйзам бузуулар калыбына келсин” деген кийинки жазган чечимин соттор эсепке алышкан эмес.

Бишкек гарнизонунун Аскердик соту 11.08.2004-жылы сотко кайрылуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу –деп жабырлануучун сотко жазган арызын канаттандырган эмес. Сот ошол эле убакта жоопкер тараптан буйруктардын китепчесин талап кылып, ал жакта кызматтан бошотуу фактысы боюнча эки башка убакта чыккан эки буйрук бар экенин таап жана айткан (бир буйрук-аскер бөлүктүн командиринин буйругу, экинчиси-КР КК Башкы штабынын начальнигинин буйругу). Бирок, ошондой болсо да Бишкек гарнизонунун Аскер соту 11.08.2004-ж чыккан чечимин өзгүртүүсүз, күчүндө калтырган.

Бул менен Л.В. конституциялык укугун коргоо жана сот акыйкаттыгына жетүү жолу жабылып, Бишкек ш. Биринчи май соту 14.08.2015-ж, Бишкек гарнизонунун Аскердик соту 03.12.2004-ж, ошол эле соттун 03.12.2018-ж чечими чыгып, анын айлык акысы жана башка бардык төлөмдөрү, эмгек китепчесин алуу, ар-намысына жана кадыр-баркына коргоо, эмгек китепчесин дубликатын кызматтан четтетилгенине 17 жыл өткөн соң) алгандан кийин орточо эмгек акыны алуу жана баштапкы эмгек китепчесинин берилбей кечиктирилип жатканы боюнча жазган арызын канаттандырышкан эмес.

 Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Л.В. арызын жана анда тиркелген материалдарды изилдеп чыгып, КР КК Башкы штабдын 2000-жылы 25-августта №354 буйруктун көчүрмөсү, ошондой эле 2000-ж 4-марттан 4-вгустка чейин деп датасы өзгөртүлгөн аскердик бөлүктүн командиринин экинчи буйругунун көчүрмүсү бар экенине көрүшкөн.

Мындан тышкары финансылык документтердин жана архивдик маалымдамаларга ылайык, Башкы штабдын запаска кетирүүгө чыккан аталган 2000-ж 26-августунан 1-сентярбга чейинки буйругу, кызматкерлердин курамынан жана бардык камсыздандыруудан чыгаруу боюнча командирдин 01.09.2000-ж а/б 98498 буйругу дагы анын аскердик кызматты улантууга боло турганын айгинелейт. Ошондой эле, 01.09.2000-ж аны аскердик бөлүктүн жеке курамынан чыгаруу боюнча командирдин а/б 98498 №166 экинчи буйруктун көчүрмүсү бар экени тастыкталган.

Аны менен бирге Аскердик прокурор, орун басар К. Өмүрбекованын 15.05.2002-ж Башкы штабдын дарегине “Л.В. кызматтан бошотуу боюнча себептери, аскердик кызматтан бошогондон кийинки укуктары жана жеңилдиктери түшүндүрүлбөгөндүктөн, көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды ордуна келтирүү боюнча чара көрүлсүн” деген сунуштама аткарылган эмес.

Акыйкатчы Аппараты аталган кызматтык иш боюнча табылган карама-каршылыктар обьективдүү соттук териштирүүнү жана эки жактын келишүүсүн талап кылаарын белгилейт. Айта кетчү жагдай, сотко берген арызынын мөөнөтүн өткөрүп жибергени гана айтылып, арыздануучунун кызматтан бошогонуна сот тарабынан мыйзамдык баа берилген эмес деп эсептейт.

КР Акыйкатчысынын кызматтык укугуна ылайык, Л.В. укугун коргоо жана мыйзамдуу кызыкчылыгын көздөө максатында, Акыйкатчынын өкүлдөрү тарабынан КР КК Башкы штабына тийиштүү көңүл буруу актысы ошондой эле, Аскердик жана Башкы прокуратурага жана шаардык сотко кайрылуу каты жөнөтүлдү.

Тийиштүү жерлерден жооптор алынганда арыздануучу кошумча маалымдар болот.