КР Куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүнө мониторинг

25/11/2020 - 13:36

10-декабрь Адам укуктарын коргоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы тарабынан жарыяланган Адам укуктарынын бир айлыгынын алкагында, 24-ноябрь күнү Акыйкатчы аппаратынын Жарандык – саясий укуктарды, мигранттардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жоктордун жана аскер кызматкерлеринин  укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери Акыйкатчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси А. Сартаев менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы Штабынынын Бишкек гарнизонунун Аскер комендатурасынын гауптвахтасына, дисциплинардык батальонуна мониторинг жүргүзүлдү.

Бишкек гарнизонунун гауптвахтасынын командири, майор Р. Абдылдаевдин коштоосунда гауптвахтада кармалып жаткан аскер кызматкерлери Б.Ж. жана С.А. менен маектешүү жүргүзүлдү жана камераларынын абалы менен таанышылды.

Ж.Б. жана А.С. Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кармалышып, айыпталуучу катары тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды. Маектешүү убагында экөө тең кылмышка тиешеси жоктугун билдиришти.   Азыркы учурда Аскер прокуратурасы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Айыпталуучулардын адвокаттары бар. Тамак-аш убагында берилип турат, жаткан жеринде жылуулук бар. Кармоо шарттарына нааразычылыгы жоктугун билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кургакта жүрүүчү аскерлерине караштуу 31444 - аскер бөлүгүнүн командири, майор У. Асанов менен маектешүү өткөрүлдү. Аскер бөлүгү соттолгон аскер кызматкерлерин жаза өтөө жайы (тартиптик батальон) катары аныкталган.

Мониторинг жүргүзүү учурунда аскер бөлүктө кылмышы үчүн жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир да аскер кызматкери, жоокер жок экендиги аныкталды.