КР Ички иштер министрлиги Акыйкатчы институтунун кызматкерлерин сыйлады

13/12/2021 - 09:43

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары менен жигердүү өз ара кызматташканы үчүн, ошондой эле 10-декабрь Адам укуктарынын эл аралык күнүн майрамдоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйругу менен «Шериктеш» медалы менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмени) аппаратынын Жыйынтыктап талдоо, пландаштыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Өзүбеков Руслан Орозобекович,  Сот органдары менен иштөө жана сот процесстерин мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти Дөөлөтов Абдылказым Атайбекович, Басма сөз кызматынын башкы адиси Щудро Дмитрий Геннадьевич сыйланса, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Датка айым» медалы менен Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы.Токтосунова Наиля Жакшылыковна, ал эми Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Кыргыз милициясынын 95 жылдыгы» медалы менен ушул эле бөлүмдүн эксперти.Абылгазиева Үмүт Ракымовна сыйланды.

Медалдар Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту (Омбудсмен) тарабынан уюштурулган Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата коомчулук чогулган салтанаттуу жыйынында тапшырылды.