КР чек-ара кызматы боюнча мамлекеттик комитетинин медицина кызматынын кичүү лейтенанты Акыйкатчынын Ардак громатасы менен сыйланды

05/07/2019 - 12:47

Бүгүн, 2019-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын Жарандык-саясий укуктарды, мигранттардын, чет элдик жарандардын жана аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Өмүрзак уулу Замирбек КР чек-ара кызматы боюнча мамлекеттик комитетинин аскер поликлиникасында терапевт-врач болуп иштеген, медицина кызматынын кичүү лейтенанты Бермет Естебесованы “кызматына ак ниет, профессионалдык мамиле кылгандыгы жана жарандык позициясы” үчүн КР Акыйкатчысынын Ардак громатасы менен сыйлады.

Аскер кызматкерлеринин укуктары жана ден-соолугу татыктуу корголушу керектигин баса белгилеген Өмүрзак уулу Замирбек Б. Естебесова К.Н. аттуу сержанттын бузулган укугун коргоого жана мурунку иштеген жери КР ИИМ 702-аскердик бөлүгүнө кызмат ордуна кайтып келишине салым кошконуна ыраазычылыгын билдирди.