КР Акыйкатчысынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү 20 жылдан бери курулуш вагонунда жашаган үй-бүлөнүн шарты менен таанышты

07/04/2020 - 16:21

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ош шаарынын борборундагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанында турган курулуш вагонунда 16 жаштагы уулу менен турган 52 жаштагы К.С. барып жолугушту.

К.С. ушул вагондо 20 жылдан бери жашаарын, аны менен ушул вагондо жарык дүйнөгө келген уулу азыр 16 жашка келгенин айтты. Документи боюнча ал Ош шаарынын Райимбеков көчөсүнүн №4 үйүндө катталган, бирок батири көрсөтүлгөн эмес.

К.С. ырастоосунда, ал өзү майып, бирок майыптыгын тастыктаган маалымкаты жок. Ал ошондой эле Ош шаардык мэриясына жардам сурап кайрылганын айтты. Акыркы жолу, мэрия жетекчилиги Жаңы жылдан кийин жардам берүүнү убадалаган. Бирок,  үч айдан ашуун убакыт өтсө да мэрия кызматкерлеринен эч ким келип, анын көйгөйлөрү менен тааныша элек.  

Жолугушуунун жыйынтыгында, КР Акыйкатчысынын Ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун наамына тиешелүү кат жолдонгон, бул маселе Акыйкатчынын Ош облустук өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүнө алынган.