КР Акыйкатчысынын Ош облустук өкүлчүлүгү тарабынан жаранды II топтогу майыптыгынан I топко өтүүсүнө көмөк көрсөтүлдү

17/12/2021 - 12:31

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош шаары жана Ош облусу боюнча  ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн наамына 2021- жылдын  18-майында  Ош шаарынын, Дача айылынын тургуну   А.З.  укуктук жардам сурап кайрылган.

Ал арызында 2008-жылы 6-майда II топтогу майыптыгы аныкталып, социалдык жөлөкпул дайындалган. Кайрылуусунда «II группадагы майыптыгым боюнча   социалдык пособие алам. Бирок мен кичинекей кезимден бери майып болгондугумдан мени I группадагы майыптык тобуна өткөрүш керек эле”-деп жазган. Ошондуктан аны I топтогу майыптыкка  өтүүгө жардам берүүнү  суранган.

Өкүлчүлүк тарабынан Ош шаарынын МСЕКтин төрайымы С. Мамажусуповага 20.05.2021-ж.чыгыш №24-03/379 саны менен суроо-талап  жөнөтүлдү. КР Акыйкатчысынын өкүлчүлүгүнүн  кийлигишүүсүнүн натыйжасында, А.З. I топтогу майыптык тобуна өтүү үчүн кандай документтер керектиги жана кайсы мекемеге кайрылуу зарылдыгы такталды. I топтогу майыптык тобуна өтүү үчүн керектүү  документерин даярдоого биз тараптан  жардам берилди.  Документерин МСЕКке тапшырды майыптуулуктун I тобуна өтүү үчүн көрсөткөн көөмөгү үчүн КР Акыйкатчысынын Ош облустук өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдирди.