КР Акыйкатчысынын орун басары КР ИИМ республикалык окуу борборунда адам укуктары боюнча лекция окуду

03/11/2021 - 11:19

Адам укуктарынын Жалпы декларациясынын кабыл алгандыгынын 73 жылдыгына карата иш чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) орун басары А.Колопов  жана жарандык-саясий укуктарды, мигранттардын, чет элдик жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана аскер кызматкерлердин укуктарын коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.Осмонова  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунун курсанттарына адам укуктары жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ишмердүүлүгү жөнүндө лекциялык сабак түрүндө маалымат беришти.

Атап айтканда, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо, укук коргоо органдары тарабынан кыйноолорду колдонбоо жана балдардын жана аялдардын укуктарынын сакталышы боюнча кеңири сөз болду. Ошондой эле адам укуктарынын эл аралык ченемдери жана стандарттары  боюнча да маалымат берилди. Лекциянын жүрүшүндө келип чыккан бардык суроолорго Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары А.Колопов тарабынан жооп берилди.