КР Акыйкатчысынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева Кыргызстанга Ирактан кайтарылып алынып келинген балдардын абалы менен таанышты

02/04/2021 - 15:28

Бүгүн, 2021-жылдын 2-апрелинде, КР Акыйкатчысынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева жана Омбудсмен аппаратынын балдар, аялдар жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге «Мээрим» гуманитардык акциясынын алкактарында Кыргызстанга Ирактан кайтарылып алынып келинген балдар жана өспүрүмдөрдүн абалы менен таанышты. Алардын жалпы саны 79. Аалардын ичинен: 38и эркек балдар жана 41 кыз. Жаш курагы эки жаштан тартып, 18 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр. Алардын 90 пайызы (63 бала) аз кандуулук менен жабыркашат.

КР Акыйкатчысынын орун басары менен чогуу барган мониторингдик топ белгилегендей, учурда бул балдар менен психологдор жана башка медициналык адистер көмөк көрсөтүү менен алектенишет, балдардын толук кандуу жай турмушка көнүшү үчүн кам көрүшүүдө. Балдардын эс алуусу үчүн, туура тамактануусу үчүн, таза абада сейилдеши үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн. Ошондой эле оюн-зоок программалары каралган. Мекемеде бардык санитардык-гигиеналык ченемдер талаптагыдай сакталат, коопсуздукту камсыздоо үчүн көрмөбайкоо камералары орнотулган.  

Мындан сырткары, ар кайсы эл аралык жана гуманитардык уюмдар: ЮНИСЕФ жана “Кыргызстан Кызыл жарым ай” уюмдары жана бейөкмөт уюмдары өз мекенине кайтарылган кыргызстандык балдардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн көмөк көрсөтүшөт. Учурда КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги  компетенттүү органдар менен биргеликте  бул балдарды туугандарына өткөрүп берүү боюнча комплекстүү иш чараларды жүргүзүшүүдө.