КР Акыйкатчысынын орун басары Альберт Колопов Ташкентте өтүп жаткан эл аралык конференцияга катышууда

04/03/2022 - 14:34

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Альберт Колопов, Кыргызстандык делегациянын курамында Ташкент шаарында 3-4-мартта өтүп жаткан “БУУнун глобалдык контртеррористтик стратегиясын ишке ашыруу боюнча Биргелешкен аракеттердин планынын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтыгы” аталыштагы эл аралык конференциянын ишине катышууда.  

Конференциянын уюштуруучулары катары Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык жана региондор аралык изилдөө институту, Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле БУУнун Контртеррористтик Башкармалыгы, Борбордук Азия үчүн превентивдик дипломатия үчүн боюнча БУУнун регионалдык борбору жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) чыкты.

Иш чаралардын программасында “Ташкент декларациясын сунуштоо жана Бирдиктүү аракеттердин планынын жаңысын жактыруу каралган, ал Планда Борбордук Азия өлкөлөрү эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка олуттуу коркунуч келтирүүчү терроризм менен чогуу күрөшүүгө умтулуу жана конкреттүү милдеттер каралган.

Ошондой эле иш чаранын жүрүшүндө терроризмдин жайылышына өбөлгө түзүүчү шарттарды жоюу, терроризмдин алдын алуу жана бул иште БУУНун системасынын ролун кеңейтүү, адам укуктарын урматтоону жана терроризм менен күрөшүүнүн фундаменталдык негизи катары укук үстөмдүгүн камсыздоо каралган.

Иш чаранын катышуучулары БУУнун контртеррористтик башкармалыгынын башчысы, Башкы катчынын орун басары В.Воронков менен жолугушуу каралган.

Конференция Борбордук Азия үчүн Биргелешкен иш аракеттердин планынын10 жылдан берки аткарылганына сереп салып, бул документтин жаңы редакциясын кабыл алышат.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары А.Колопов адам укуктарын урматтоону жана терроризм менен күрөшүүнүн фундаменталдык негизи катары укук үстөмдүгүн камсыздоо маселелерине арналган IV секциялык отурумда чыгып сүйлөдү.