КР Акыйкатчысынын орун басарларына КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин ыраазычылыгы билдирилди
10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата КР Акыйкатчы институту тарабынан иш чара өткөрүлдү. Ага КР Президенттик Администрациясынын өкүлү, КР Жогорку Кеңешинин депутаты, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык сектор жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Базарбаевдин колу коюлган Ыраазычылык каттары КР Акыйкатчысынын орун басарлары Гулнара Жамгырчиевага жана Альберт Колоповго тапшырылды. Бул ыраазычылык каттары калктын социалдык укуктарын коргоодо КР Акыйкатчы Институтунун аталган министрлик менен тыгыз жана үзүрлүү кызматташканы үчүн билдирилген. Ыраазычлык катты министрдин атынан КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ден соолугунун мумкунчулугу чектелген жарандарга жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Чолумова тапшырды.