КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Сокулук районундагы коомдук кабылдамасында

08/12/2020 - 12:55

Адам укуктарынын бир айлыгынын планындагы иш чаралардын алкактарында КР Акыйкатчысынын Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Сокулук районундагы коомдук кабылдамада жарандарды кабыл алышты.

Өз укуктарынын бузулууларынын конкреттүү фактыларына туш болгон жарандардын кайрылуулары да ар түрдүү. Алар укуктук консультатция алышып, арымдары жазуу жүзүндө арыз беришти. Кабыл алуу жана юридикалык кеп кеңештер берилиши тууралуу алдын ала райондук газета аркылуу кабарланган эле.

Сокулук районунун тургундарынын кайрылуулары төмөнкү маселелер боюнча эле:

  • Жер участогуна менчик укуктары:
  • Алимент алуу маселелери;
  • Ата-энелер укуктарын жүзөгө ашыруу, балдар укуктары;
  • Эмгек укуктары;
  • Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн тариздөө жана никени ажыратуу;
  • Сот адилеттигине жетүү.
  • доступ к правосудию.

Белгилеп коюу керек, кайрылгандардын көпчүлүгү мамлекеттик органдардын аракети жана аракетсиздиги менен байланыштуу болду. Ошондой эле жарандар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары тууралуу билишпегенине байланышкан суроолор болду.  

КР Акыйкатчысынын өкүлдөрүнүн пикиринде, мамлекеттик ар бир орган өз компетенциясынын чектеринде тигил же бул мыйзамдын аткарылышы боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тийиш..

Сокулук районундагы коомдук кабылдамада жарандарды кабыл алуунун натыйжасы көрсөткөндөй, ушул сыяктуу иш чаралар туруктуу жана үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүп турууга тийиш.  

КР Акыйкатчысынын Сокулук районундагы коомдук кабылдамасын Үй-бүлөгө жана балдарга көмөк көрсөтүү борборунун директору  Эрика Смамбекова жетектейт, ал КР Акыйкатчысынын коомдук башталыштагы жардамчысы. Сокулук районундагы Н.Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңишбек Эдигеев түздөн-түз көмөк көрсөтөт.