КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары А.Колопов Кыргызстан Эл аралык университетинин бүтүрүүчүлөрүн адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоого чакырды

18/02/2022 - 16:36

Бүгүн, 2022-жылдын 18-февралында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары, саясий илимдердин кандидаты Альберт Колопов Кыргызстан Эл аралык университети (КЭАУ) тарабынан уюштурулган “Бүтүрүүчүлөрдүн актуалдуу компетенциялары эмгек рыногундагы алардын суроо-талаптын шарты катары” аттуу тегерек столго катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө А.Колопов «Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун кызыкдар тараптар менен болгон байланышын талдоо» темасында баяндама жасады.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары А.Колопов төмөнкүлөргө токтолду: “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) студент-практиканттарга институттун тиешелүү бөлүмдөрүндө практикалык иш-чаралар аркылуу өз билимдерин жогорулатуу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө колдон келгендин баарын жасап жатат. Мындан тышкары, Акыйкатчы аппараты мыйзамдык-укуктук базаны үйрөнүүгө, келечектеги адистиги боюнча иштөө үчүн практикалык көндүмдөрдү алууга, ошондой эле теориялык билимдерин тереңдетүүгө жана бекемдөөгө жана адистик боюнча өз алдынча иштөөгө даярдоого көмөк көрсөтөт”.

Акыйкатчынын орун басары учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кабыл алуунун жакшы тажрыйбасы калыптанганын, андан кадрлардын аймактык резерви, кадрлардын улуттук резерви жана муниципалдык кадрлар резерви түзүлүп жатканын билдирди.

Соңунда А.Колопов КЭАУ бүтүрүүчүлөрүн кайда иштебесин, кандай кызмат ордун ээлебесин адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин ар дайым сыйлоого чакырды.