КР Акыйкатчысынын өкүлү УКЖда кармалып турган Г.Аалиевага барды

26/04/2021 - 16:13

2021- жылдын 23-апрелинде, КР Акыйкатчысынын тапшырмасы менен  Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкери, Биринчи Май РИИБге барып, ал жерде кармалган Гүлзат Аалиева менен жолугушту.

Сүйлөшүү учурунда Г.Аалиева Facebook социалдык тармагында дин аралык кастыкты козуткан деген айып менен үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде кармалгандыгын айтты. Анын жанында дагы бир аял бар камерада кармоо шарттарына, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок, бирок ал бөгөт коюу чарасын өзгөртүп,  үй камагына чыгарууну суранды.