КР Акыйкатчысынын өкүлдөрү 2-марттагы митингде кармалган КР ЖК экс-депутаты менен жана кармалган үч жаран менен жолугушту
04/03/2020 - 15:53
Бүгүн 2020-жылы 3-мартта Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты К.Осмоналиев менен КР УКМК ТИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына барып жолугушту. Сүйлөшүү учурунда ал кармоо шарттарына дооматы жок жана ден соолугунун абалына да даттанган жок.
Ушул эле күнү Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкек шаарындагы ИИББ убактылуу кармоочу жайында олтурушкан, кечээ Ала-Тоо аянтындагы митингде кармалган үч жаран – Б. Иманбаев, Тилеберди у А. жана Шайлообек у М. менен жолугушту, алар укук коргоо кызматкерлерине жана кармоо шарттарына дооматы жоктугун билдиришти.