КР Акыйкатчысынын Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери «Таза жана адилеттүү шайлоо-өлкөнүн ар-намысы» аталыштагы кереге кеӊештин ишине катышты
2021-жылдын 23-ноябрында Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеӊешинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган «Таза жана адилеттүү шайлоо-өлкөнүн ар-намысы» темасында кереге кеӊеш өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Нарын облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Х. Өскөнбаев катышты.
Тегерек столго КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Сапарбев, БШКнын Нарын облусундагы өкүлү Б.Өмүралиев, КР УКМКнын Нарын облусундагы башкармасынын башчысы А. Мураталиев, Нарын ОИИБнын башчысы А.Жумабеков, райондордун акимдеринин орун басарлары, Нарын облустук - усулдук билим берүү борборунун директору К.Мамытов, жарандык коомдун өкүлдөрү, ардегерлер жана жаштар уюмдарынын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Тегерек столдун негизги максаты:
- Шайлоо процессин уюштуру боюнча жана админресурсту колдонбоо боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер;
- Нарын облусунун аймагында үгүт иштеринин абалы;
- Үгүт иштерин жүргүзүүдө талапкерлер жана шайлоочулар тарабынан мыйзам бузуу аракеттеринин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш аракеттер;
- Үгүт иштерине билим берүү тармагынын кызматкерлерин аралаштырбоо боюнча көрүлүп жаткан аракеттер;
- Үгүт иштерин жана шайлоону таза жана адилеттүү өткөрүү боюнча сунуштар;
- Жергиликтүү бийлик органдары менен меморандумдарга кол коюу ж.б.лар.
Жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депуттарды шайлоону таза адилеттүү жана мыйзам чегинде өткөрүү мамлекеттик бардык кызматкерлердин түздөн-түз милдеттери экендиги, жарандык коомдун өкүлдөрү жана ар-бир жаран шайлоону таза өткөрүүгө активдүү катышканда гана өлкөбүздө жаркын келечек болоорун белгилешип, тегерек стол жыйынтыкталды.