КР Акыйкатчысынын Нарын облустук өкүлчүлүгү Кочкор районундагы «Ырыс шаар» балдар бакчасына мониторинг жүргүзүштү

11/03/2019 - 12:27

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кочкор районундагы «Ырыс шаар» балдар бакчасына мониторинг жүргүзүштү. Бул иш чара “КР Өкмөтү менен КР ИИМ тарабынан калкка жеринде укуктук консультацияларды бере турган көчмө пункттарды  уюштуруу жана өткөрүү” долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоор ЕККУнун каржылоосунда ишке ашып жатат. Мониторингдик биргелешкен иш чара Кочкор районунун дагы беш айылында жүргүзүлгөн.

Мониторингдик иш-чара учурунда белгилүү болгондой, Кызыл-Дөбө айылында жайгашкан “Ырыс шаар” бала бакчасында 60 бала тарбияланат, 17 адам эмгектенет, алардын ичинен 7 педагог, 1 медкызматкер 0,5 ставкада эмгектенет. Медкызматкер  бала бакчада эмгектенгендиктен ага Билим берүү  системасында иштегендер үчүн иштелип чыккан ставка менен айлык акы төлөнөт. Ал эми айлык  акыны индексациялоо медициналык кызматкерге эмне үчүн каралган эмес деген суроо берилген. Медициналык кызматкер Саламаттык сактоо  министрлигинин тутумуна кирбейт, бирок  функционалдык милдеттери медициналык тейлөө болсо да медицина кызматкерлери үчүн каралган жеңилдиктер, айлык акыларын индексациялоо кошулбай калууда. Мониторингдин жыйынтыгы менен КР Акыйкатчысынын Нарын облустук өкүлчүлүгү мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги медициналык кызматкердин эмгек акыларына байланышкан маселе  боюнча атайын иликтөө иштерин  өткөрүү каралууда.