КР Акыйкатчысынын наамына баңги зат менен кармайм деп коркуткан Свердлов районунун ИИБ тергөөчүсүнө карата арыздануу түштү

17/06/2019 - 16:38

Токон Мамытов ар шаршемби сайын жарандарды жеке кабыл алуу жүргүзөт. Кезектеги кабыл алуу учурунда Бишкек шаарынын тургуну Б.В. Бишкек ш. Свердлов РИИБ тергөө кызматынын тергөөчүсү тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттер жана коркутуулар болгону тууралуу арызданган.

Атап айтканда, арыз ээсинин айтымында мындан көп жыл мурун кошунасы (Е аттуу жаран) кайтыш болгон. Анын өлүмү боюнча ШИИБ тарабынан кылмыш иши козголуп, арыздануучу Б.В. күбө катары өткөн. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Е аттуу жарандын өлүмү кырсыктын кесепети болгон деп табылган. Ошентсе дагы, азыркы күндө Свердлов РИИБ тергөөчүсү ошол эле факты боюнча кайрадан кылмыш ишин козгогон. Болгондо да милиция кызматкерлери Б.В.карата  физикалык дагы, моралдык дагы кысым көрсөтүп, В.П. аттуу жаранга (каза болгон кошунанын мурунку күйөөсү) каршы жалган көрсөтмө берүүнү талап кылышкан.

“2019-жылдын 20-майында саат 10:30 чамасында менин кошунамдын мурунку күйөөсүнөн (В.П.) баңги затын таап алышып кармашкан. Ошондон кийин алар (тергөөчүлөр) В.П. аялын менин үйүмдөн кармап алып, кызганганынан өлтүрүп салган -деп жаздырууга мажбурлашты. Мен андай болбогондуктан, жазуудан баш тарттым. Ошондо К аттуу тергөөчү мени дагы В.П. кандай кылсак, сага ошондой кылабыз дешип, тагыраак айтканда, баңги затын менден да “таап” чыгышарын айтып коркутту. Алар мага эки вариант сунушталарын айтышты: 1) алар кандай айтса, ошондой жазып берүү; 2) мага баңги затын ыргытып, менин кошунам В.П.ны кандай кармашса, мени так ошондой кармашат”, - деди В.Б. Акыйкатчы менен сүйлөшүү учурунда.

Арыздануучу  өзүнүн жанынан коркуп, жашы жете элек баласын тааныштарына берип, аргасыздан ижарага ар кайсы жактан батир алып түнөп жүргөнүн маалымдады.

В.Б. кайрылуусун Акыйкатчы аппараты атайын өзүнчө көзөмөлгө алды.